Депутат Ирина Карамушкина КСДПга каршы чыгып жаткандарга мүнөздөмө берди. Анын пикиринде коррупцияга аралашканы, туура эмес жорук жасаганы үчүн кубалангандардын баары каршы чыгышууда.
"КСДПнын ичиндеги жарака деструктивдик күчтөргө пайдалуу болуп жатат. Алар Алмазбек Атамбаевдин бардык жетишкендиктерин жокко чыгарууну каалашууда. Бириок, баары анын тарыхтагы инсан катары калтырган изин унутушту. Партиянын лидерин жаманатты кылууга канчалык аракет кылышса, ошончолук эле жаңы бийлик кандай жол менен башкарууну көздөп жатканын түшүнүшөт", - деди депутат.
Ал кесиптештери эмнеге партиянын лидери менен мамиле кылуудан качып калышканын жана учурда партия мүчөлөрүнө куугунтук жасалып жатканын түшүнбөсүн айтты.
"Азыр кандайдыр бир конференциялар өткөрүлүп, партиянын логотибин колдонуп жатышат. Мен ошондой конференциялардын биринде болдум. Ал жакта КСДПнын татыктуу өкүлдөрү жок. Апрель баатырлары мага атырылып, сен кимсиң, сени ким шайлады дегенге чейин барышты. Бул мени ызалантты. Партиянын өнүгүүсүнө Атамбаевдин жеке каражаты коротулганын унутпагы", - деди Карамушкина.