Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 294

 

-Равшан мырза, кечээ болгон курултайды “максатына жеткен жок, бул курултайдын артында кимдер турганы ачык эле билинип калды. Бир жактуулукка жол берилди”- деп сындагандар четтен чыга баштады го?

 

-Курултай өткөрөөрүбүздү айтып, жарыя кылганда эле ачык эле бардык саясий күчтөрдү чакырарыбызды айтканбыз. Курултайга бийликти да, оппозицияны да, нейтралдуу адамдарды дагы чакырдык. Бул жагын эске алсак, албетте, курултай максатына жетти. Себеби, бийлик менен диологго бардык, аны жашырбастан ачык эле айттык. Бирок, биз нерсени баса белгилей кетишим  керек. Азыркы күндө Кыргызстанда эгемендүү саясатчылар, эгемендүү граждандык коом, эгемендүү жарандар аз экенин кечээги курултай ташка тамга баскандай көрсөттү. Негизинен курултайга бийликчил, нейтралдуу адамдар  Атамбаевден өч алабыз деген максатта келгени көрүнүп эле турду.  Бул бүгүнкү күндөгү биздин коомдун пикири. Муну реалдуулук катары кабыл алышыбыз керек.

 

 Жеке менин көз карашымда курултайда  биз өч алууга, бийликти мактоого көбүрөөк  басым жасап жибердик. Туура эмес болуп калды. Мындай жыйындарда  ар кандай көз караштар айтылышы керек. Бийликти колдогондор көп болбошу керек. Бийликти колдогондор 50-55 пайыз болсо болот. 95 пайыз бийликти колдосо коркунучтуу коом, коркунучтуу мамлекет болуп эсептелет. Ошондуктан, курултайдын жыйынтыгы  купулума толгон жок. Ошентсе да к көпчүлүк менен макул болушка туура келди. Көпчүлүк Атамбаев жоопко тартылсын, кол тийбестиги алынсын деген  чечим кабыл алды. Биз көпчүлүктүн айтканына баш ийдик.

 

-Экс-президентти жоопкерчиликке тартуу чечимин чыгарып, курултай бийликтин максатын ишке ашырган  жокпу?

 

-Курултайда бийликчил  адамдардын көп болгону,  бийликтин талабына жооп бергендей болуп калды. Курултайды бийлик өзүнүн кызыкчылыгына пайдаланууга аракет кылды. Ал кандайдыр бир деңгээлде ишке ашты. Курултайда өлкөдөгү маанилүү делген маселелер, өлкөнүн келечеги талкууланбастан, Атамбаевден өч алууну талкуулап азыркы бийликтин кызыкчылыгына туура келген чечимдерди кабыл алып берди. Курултайдын чечими бийликтин талабына жооп бергендей таасир калтырды.

 

-Курултайдын чечимин негиз кылып, бийлик эми Атамбаевди жоопко тартууга, бар былыгын чукууга  аракет кылбайбы?

 

- Атамбаевди камаш керек деген азыркы бийликтин талабына жооп берет. Бирок, бул бүгүнкү күндүн гана кызыкчылыгына гана жооп берерин эстен чыгарбашыбыз керек. Анткени,  жарым жылдан кийинки курултайда азыркы талаптарды бийлик түз же кыйыр түрдө колдобосо, Атамбаевди камай албаса, же болбосо мамлекетте көрүнүктүү өзгөрүүлөрдү жасай албаса, кечээги курултайдын чечими толугу менен Сооронбай Жээнбековго каршы келе турган чечим болуп калат. Жазында боло турган курултай Атамбаевди жамандаган менен өтпөйт. Башкача айтканда,  Сооронбай Жээнбековдун ишине баа берилет. Бийликтин кызыкчылыгын гана көздөп калды деген курултай жакынкы убакта бийликке  каршы болуп калуу мүмкүнчүлүгү абдан жогору.

 

-Атамбаевдин байлыгын мыйзамдуулугу иликтениши керекпи?

 

-Атамбаевдин байлыгы сөзсүз түрдө иликтениши керек. Ар кандай изилдөөлөр боюнча ар бир  президент бийликтен кеткенде 500 миллион доллардын тегерегинде каражат алып кетишет экен. Эгерде Атамбаевдин дүйнөсү  мамлекеттин жана тышкы саясаттын, коррупциянын эсебинен табылган болсо, анын дүйнөсү толук бойдон мамлекетке конфискацияланышы керек. Бирок, ага азыркы бийлик  баралабы деген да маселе бар. Анткени, азыркы бийликтин ошону далилдегенге компетенттүүлүгү жетеби же жетпейби. Биздин укук коргоо органдарыбыздын, УКМКнын мүмкүнчүлүгү барбы же жокпу, профессионалдык деңгээлдери туура келеби же жокпу, далилдей алабы же албайбы деген бийликке  тиешелүү маселелер бар.

 

-Курултайда Конституцияны өзгөртүү маселеси да козголду. Эгер Конституция өзгөрө турган болсо, Сооронбай Жээнбеков мурунку президенттердей болуп өзүнүн укугун көбөйтүп албайбы?

 

-2020-жылы ансыз деле Конституция өзгөртүлөт. Анткени, көпчүлүк 2020-жылы конституция өзгөртүлбөсүн деген чыныгы мароторий бүтөт. Конституцияны өзгөртүп, колубуздан келишинче президент башкарган эмес, премьер-министр башкарган мамлекет болушубуз керек. Президенттин колундагы пистолетти алып, анын карамагындагы УКМК менен Башкы прокуратураны алышыбыз керек. Анткени, президенттин пистолети ар бир жаранга, ар бир мамлекетке, ар бир сот системасына басым боло турган курал болуп эсептелет.  Президенттин колундагы пистолет болгон УКМК менен Башкы прокуратураны  өкмөткө өткөрүп беришибиз керек. Ал эми өкмөттүн үстүнөн парламент көзөмөлдөп тура турган мамлекет курсак,  бүгүнкүдөй абалдан тезирээк чыгууга, экономиканы өнүктүрүүгө, саясый стабилдүүлүк түзүүгө  мүмкүнчүлүк түзүлөт. Конституцияны президент өз кызыкчылыгына жараша өзгөртүп жибербейби деген коркунуч бар. Анткени, ар бир келген президент мамлекеттин кызыкчылыгы менен улуттук кызыкчылыкка карай  өзгөртпөй тилекке каршы, көп учурда өз кызыкчылыктарына жараша өзгөртөт. Президент Жээнбеков аны кандай пайдаланат аны азыр айтыш кыйын.

 

-Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун тиреши тереңдеп баратат. Мурунку жана азыркы президенттин тиреши элди бөлүп-жарып, түндүк-түштүк маселесине залакасын тийгизбейби?

 

-Реалдуу саясатта  деле жалпы саясий талаада, саясий процессте деле эч кандай келечекте элди экиге бөлүп, коомду, мамлекетти дистаблизацияга алып келе турган конфликт болбойт. Саясатчылар өздөрүнүн кызыкчылыгына, көз караштарына жараша саясий позицияларына жараша күрөш жүргүзөт. Ал күрөштүн ичинде сөзсүз түрдө жеке кызыкчылык да болот. Аны жашырбастан айтышыбыз керек. Күрөштүн ичинде бири-бирине  компроматтары болсо, коомго жарыялоо, эгерде жок болсо, бири-бирине компромат издеп табышат. Мисалы, Грузиянын мурдагы президенти Сакашвили менен азыркы Грузиянын реалдуу бакшаруучусунун ортосунда аябагандай катуу күрөш жүрүп жатат. Андан мамлекет  жаман болуп, грузиндер экиге бөлүнүп согушуп жатып калган жок. Ал кармаш тескерисинче мамлекет эки президент аркылуу коомго ачык болгонго бири-бирине атаандаштык  жаратканга аракет кылып жатат. Малайзияда жаңы келген премьер-министр мурдагы премьер-министрдин былыктарынын баарын чукуп жатат. Малайзия жаман болуп, бөлүнүп калган жок да. Молдавияда  Пашинян мурдагы бийликтин таш талканын чыгарып жатат. Алар да Пашинянга колдорунан келгенче жооп бергенге аракет кылышууда.  Америкада Трамп президент болуп келер менен республикалык демократтар атайын кызматтарга заказ берип, Трампка аябагандай компроматтарды алып чыгышты. Россиядагы мейманканадагы иштери, Россиянын кандайдыр бир деңгээлде жардамын алган деген компроматтарды алып чыгып,  бир эле америкага эмес, бүт дүйнөгө жарыялап жатат. Андан Америка экиге бөлүнүп калган жок да. Тескерисинче, тирештер, саясий кармаштар ар бир мамлекетти күчтүү жана ачык кылганга, президенттерди эртеңки күнү не болом деп таза иштегенге жол ачат. Ошондуктан, саясатты түшүнбөгөн, кыска ойлонгон адамдар  гана  Атамбаев менен Жээнбековдун тиреши мамлекетке зыяны тийет, ынтымакка келиши керек деп айтышта. Мен айтат элем экөө колунан келишинче бири бирине жаман иштерди кылган болсо, колунан келишинче далилдеп жарыялашы керек. Бул өлкө үчүн дагы өздөрү үчүн да аябагандай жакшы нерсе.