Экс-ажо Алмазбек Атамбаев “Апрель” телеканалына агынан жарылып, саясаттагы таасирин күчөтүү ниети бар экендигин ачыкка чыгарды. Анткен менен А.Атамбаевге “Апрель” телеканалы аздык кылып жаткан көрүнөт, “Фейсбук” социалдык тармагына “Акмарал Акмарал” деген фейк ысымды жамынып алып, айталбай жүргөн армандарын жар сала баштады.
Айтор А.Атамбаев азыр агонияга батып жатканы билинип калды.
Ток этээр жерин айтканда А.Атамбаев эгер интернет айдыӊында кандай кеп болуп жатканына назар салып турат. Ал гана эмес, эгер өзү жөнүндө кеп козголуп, сын пикир айтыла турган болсо комментарий жазганды эрмек кылып алды. Тактап айтанда А.Атамбаев “Facebook” социалдык тармагында “Акмарал Акмарал” деген фейк аккаунт менен чыгып жатат. Маселен, Равшан Жээнбековдун 8-ноябрда “Facebook” баракчасындагы “коомчулук анын А.Атамбаев менен болгон жолугушуусуна кызыгып жатканын, мындан улам ал жолугушууга байланыштуу суроолор болсо жооп жазууга даярмын” деген жарыясы А.Атамбаевди безге сайгандай эле кылды. Болбосо чычалап “ушакчы аялдай болуп, мага жолукканынды да пиар кылбачы” деп Р.Жээнбековду сынга алды. Андамесе, “Акмарал Акмаралдын”, ой, А.Атамбаевдин фейк-комментарийлерине назар салып көрөлү...

Булак: “Майдан. kg” гезити