Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 241

 

-Атамбаевдин президент Сооронбай Жээнбеков боюнча айткан сыны жөндүүбү? Азыр Бакиевдин доору келгендей сезилип жатабы?

 

-Азыркы каталарды мурунку бийликке оодарып, же өтүп кеткен президенти мокочо кылып көрсөтүү адаттан арылышыбыз керек. Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаевдин убагында терс жан оң иштер болуп кеткен. Ал убакта болгон иштерге ошол убакта болгон президенттер гана эмес, аларды коштоп, шыкактап жүргөндөр да жоопкер. Керек болсо аларды да бийлике алып келген жалпы эл да жоопкер.

 

урунку да, азыркы да президент өз чындыгын айта башташты. Кимисинин жообуна көбүрөөк ынанып жатасыз?

 

-Атамбаев саясый күрөштү токтотпой, өзүнө ар кайсы күчтөрдү тартып, жасаган каталарын да моюнга алып, мурунку каршылаштырына чейин кол сунуп иштеп жатканы туура эле көрүнүш. Анткени, мындай курч саясый процесстер азыркы бийликтин авторитаризмге ыктап, үй-бүлөлүк башкарууга өткөнгө жолбербей, үчүнчү революциядан алыстатат. Ушундай жагдайда абалды турукташтырыш үчүн үчүнчү тараптын пайда болушуна коом да, мамлекет да дилгир деп ойлойм. Ушул үчүнчү тарап элдик курултай болобу деген үмүт бар. Бирок ачык эле айтыш керек, ошол курултайды  деле бул же тигил тарапка тарткан күчтөр бар экен.

 

-Илмияновдун камалышы шайлоо кассасын сууруп чыктыбы?

 

-Менин оюмча бул маалымат Форумдан чыкты. Аны Илмияновго чапташып жатат.