Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 302

 

Экс-президент Алмазбек Атамбаев коомдук ишмерлер жана партиялар өткөрүп жаткан Курултайга баруудан баш тартты. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди. 

 

Айтымында, ага кечээ Атамбаевге арналган чакыруу баракчасын Курултайды уюштуруучулар тапшырышкан. 

 

"Бирок, Атамбаев баруунун зарылчылдыгы жок деп тапты. Сыягы, уюштуруучулардын арасында өзүнүн кызыкчылыгын гана көздөгөндөр бар окшойт. Бул темага башка кайрылбайбыз", - дейт расмий өкүл. 

 

Курултай 24-ноябрда болот. Ага уюштуруучулар өлкө башчысы Жээнбековду жана экс-президент Атамбаевди чакыраарын билдиришкен.