Депутат Ирина Карамушкина Алмазбек Атамбаев менен чогуу иштешүүнү каалаган ксдпчыларга партиядан чыгуу сунушун жолдоду. Ал бул тууралуу "Азаттыкка" берген маегинде билдирди.
Ал Иса Өмүркулов боюнча партиянын саясий кеңешинин чечимине фракциянын баш ийбей койгону жараканын башталышы болду деп эсептейт. Айтымында, мындан ары да жарака тереңдейт.
"Сооронбай Жээнбеков кандайдыр бир биринчи кадам таштоого чечкиндүүлүк кылбаса керек. Ал Алмаз Шаршеновичтин айткандарына капа болуп жүрсө жүргөндүр. Ошондуктан, мен Атамбаев менен чогуу иштешүүнү мындан ары каалабаган партиянын жана фракциянын мүчөлөрүнө анын катарынан чыгуу боюнча арыз жазууну сунуштайт элем", - деген Карамушкина.