Бүгүн, 20-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын мурдагы премьер-министрлери жана спикерлери менен жолугушту. Жолугушууга экс-спикерлерден Медеткан Шеримкулов, Алмамбет Матубраимов, Мукар Чолпонбаев, Абдыганы Эркебаев, Ишенбай Кадырбеков, Алтай Бөрүбаев, Муратбек Мукашев, Марат Султанов, Адахан Мадумаров, Айтибай Тагаев, Зайнидин Курманов, Ахматбек Келдибеков жана Чыныбай Турсунбеков катышты.
Ал эми экс-премьер-министрлерден Тунсунбек Чынгышев, Апас Жумагулов, Кубанычбек Жумалиев, Амангелди Муралиев, Феликс Кулов, Азим Исабеков, Игорь Чудинов, Жоомарт Оторбаев жана Темир Сариевдер болушту.