Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 223

 

Алмазбек Атамбаев бир кездеги кан досу Сооронбай Жээнбековго эмнеге таарынып жүргөнүн ачыктады.

 

Айтымында, мындай көрүнүш булардын достугунда биринчи жолу болуп жаткан жок. Экөө достошуп келатканына 24 жыл толду. 2000-жылы Акаевдин мезгилинде Атамбаев талапкер болгондо, Сооронбай Жээнбековдон шайлоо штабын башкарып берүүнү суранган.  Алгач макул болгон учурдагы президент кийинчерээк ал оюнан баш тартып, бир туугандары, үй-бүлөсү каршы болуп жатканын айткан. Анткени, ал кезде Атамбаев Акаевдин бирден бир каршылашы болгон.

 

“Мен Исхак Масалиевге ушул эле өтүнүч менен кайрылдым. Апсамат Масалиев менден сурады: “Сенин досторуң бар, мисалы Сооронбай Жээнбеков. Ал эмнеге штабды башкарууну каалабай жатат?” – деп. Чынын айтсам, жооп берүүдөн уялдым. Ушундай эле окуя 2005-жылы да болгон. Мен эки жолу Сооронбай Жээнбековду кечирдим. Азыр ойлоп жатам, кечиримдүүлүк кээде адамга кесепетин тийгизет окшойт”, - деп муңканды экс-президент.

Ал бир тууган Жээнбековдорго кандай жакшылык кылганын айтып берди.

 

“Менин эсимде  колхоздун төрагалыгында отурган Жээнбеков бар. Ал өзү менин жардамым менен 2000-жылы вице-спикер болгонун айтып келет. 2007-жылы менин өкмөтүмдө министрлик орунду ээледи. А анын иниси Асылбекти Сооронбайдын суранычы менен партиянын тизмесине кошуп, депутаттыкка сүйрөп келдим. Ал үч жолу депутат, эки жолу спикер болду. Ал эми Сооронбай Жээнбековду өлкө башчылыгына чейин алып келдим. Агасын эки жолу элчиликке дайындадым”, - деди Атамбаев.

 

Ал арттан бычак урган адамдардын табияты тууралуу буларды баяндады:

 

“Он, ал турмак жыйырма, жыйырма беш жыл башка бирөөнүн далысына жашынып, ал далынын коргоосуна таянып алып, кандайдыр бир ийгиликке жетишкен адамдар бар. Анан бир убак келет, ал далынын коргоосуна мындан ары муктаж эместигин сезет да, ал далыга ойлонбой туруп бычак саят. Менимче, достук тууралуу Жээнбековго айтуунун кереги жок. Мага ушундай туюлат”, - деди Атамбаев.

 

Эки достун ортосундагы ажырым кандайча пайда болгонун айтып жатып, эгер коррупцияга каршы күрөш жүргүзүүнү кааласаң, анда жаныңда Раим-миллиондой адамдар болбошу керектигин белгиледи.

 

“Мен ага ушундай кеңеш бердим. Бул менин берген биринчи кеңешим эле. Балким, аны ушул таарынтып койду. Ошондой эле Асылбек Жээнбеков президенттин бир тууганы болуп туруп, депутат болгону туура эме, бул президенттин өзүнүн имиджине сокку болоорун айткам. Мен болгону Бакиевдин бийлиги кайтып келишин гана каалабадым. Мен өлкө жоготкон жолун араң тапканда кайра адашуусун каалабадым”, - деп кошумчалады экс-президент.