Атамбаев "Апрель" телеканалына берген маегинде Белиз-гейт тууралуу айтты. Ал эч кимге эч кандай команда бербегенин белгиледи.
"Ал турмак Аида Салянова да берген маектеринин биринде Атамбаев эч убакта кимдир-бирөөнү камоого команда берген эмес деп моюнуна алды. Келдибековдун ишинде да мен эч кандай кийлигишпегенимди да кайталады. Кыргызстанда жедеп алчы-талчысын жеген мародер менен ушакчыны камасаң да, ал баатыр болуп чыга келет. Мен дайыма маалыматты бир нече ирет текшерүүнү суранчумун. Мүмкүн болушунча түрмөсүз маселени чечүүнү сунуш кылчумун", - деди экс-президент.
Ал эми Белиз-гейт боюнча экс-президент Абдил Сегизбаевди күнөөлөбөйт. Анын оюнча, Сегизбаев жасалма документтер менен алектенген эмес, сыягы кимдир-бирөө ага жасалма документти берген окшойт.
"Иликтөөлөрдүн жыйынтыгын күтө туралы, анын үчтүнө президент болуп турган убагымда эгер маалымат тастыкталбаса, анда Сегизбаев жооп берет дегем. Мен дайыма баары тыкыр иликтенишин каалачумун, анткени мен да бир кезде жалган жалаага кабылгам", - деди ал.
Текебаевди эстеген экс-президент "президент катары мен дайыма күнөөлүүмүн" деп белгиледи.
"Текебаев боюнча бүгүн моюнума алайын, ошондо мыйзамды карабасам туура болчудай экен. Мыйзам боюнча анда баары далилденген, Текебаевдин тарапташтары да ал миллион тууралуу айтып жүрүшөт. Менимче, аны жасоонун кереги жок эле. Бирок, менин ишимдин формасы ушундай: күч кызматкерлерине дайыма баарын мыйзам алкагында жасагыла дечүмүн. Ушинтип тарбияланып калсам эмне кылайын. Текебаевге абакка отурганга чейин жана отургандан кийин мамиле кандай болгон эле. Биздин эл ушундай экен да, эмне айтпа, президент катары дайым сен күнөөлүүсүң. Бирок, башкалар да кылган ишине жооп берүүгө тийиш", - деди Атамбаев.