Учурда коррупцияга каршы күрөш жарыяланып, анын негизинде бир нече министр, өкмөт башчы, депутаттар абакка камалды. Булардын камалуусу канчалык деңгээлде туура болду деген өңүттөгү суроого экс-президент Алмазбек Атамбаев мындайча жооп берди:
"Факты турганда, абакта отургандардын саны боюнча жыйынтык чыгарбаш керек. Менин учурумда да коррупцияга каршы күрөш жарыяланган. Фактыга таянсак, менин президенттик ишмердүүлүгүмдүн акыркы жылы коррупцияга каршы күрөштөн бюджетке 8,5 миллиард сом түшкөн. Ал эми ушул жылдын он айында бюджет жемкорлуктун бетин ачуунун натыйжасында болгону 4 миллиардга жакын каражатка толтурулду. Бул көрсөткүч коррупцияны ооздуктоо кайсы учурда катуу жүргөнүн айгинелейт.
Азыр кандай жүрүп жатат? Менин убагымда Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматовго окшогондор камалган эмес. Чыныгы коррупционерлерди кустуруунун аракетин көргөнбүз. Кулматов Бажы кызматын жетектеп турганда, мамлекеттик бюджетке көп салым кошкон. Аны эмне себептен камашты? Бир паспортту шылтоо кылышты".