Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 152

 

 

Экс-президент Алмазбек Атамбаев өткөн жылы жүз миллион сом киреше тапканы тууралуу эл арасында айтылып жаткан кептерге жооп кайтарды. Ал эч кандай элдин акчасын уурдабаганын айтты. 

 

 

"Өткөн жылы жүз миллион эмес жүз он бир миллион сом акча тапкам. Ишканалардым бирин саттым. Мен эч убакта элдин акчасын уурдаган эмесмин. Менин байлык топтоомдун башаты 1980-жылдарда жатат. 1989-жылы Кыргызстанда биринчи жолу ишкана ачтым. Андан кийин китеп бизнесин баштадым. СССР убагында таңсык китептерди кайра басып чыгарып, андан киреше тапчумун. Ал убакта мен эч кандай мамлекеттик кызматта иштеген эмесмин", - деди экс-президент. 

 

Ал киреше кайсы булактан келип жатканын тастыктаган бир канча документтерди көрсөттү. 

 

Атамбаев "Апрель" телеканалына маек берди. 

 

"Мени бүгүнкү бийлик, депутаттар жаманатты кылып жатышат. Ар жээкке секирген депутаттар абдан көп", - деди ал.