Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 221

 

 

 

Президент Сооронбай Жээнбеков эртең, 20-ноябрда эк- премьер-министрлер жана Жогорку Кеңештин экс-спикерлери  менен жолугушаарын президенттин басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка караганда, жолугушууда президент алар менен өлкөдөгү саясий кырдаал боюнча баарлашат.

 

Жолугушууга журналисттер катышпайт.

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиеванын билдирүүсү боюнча,  жолугушууга учурда өлкөдөгү бардык мурдагы премьер-министрлер менен Жогорку Кеңештин экс-спикерлери  чакырылды. Алардын арасында буга чейин сот жообуна тартылган экс-премьер Игорь Чудинов, парламенттин экс-төрагасы Акматбек Келдибеков да бар.

 

Жалпысынан алганда Кыргызстанды ушул кезге чейин, эгемендүүлүк жылдарында 24 премьер-министр башкарган. Алардын арасында качкын президент Курманбек Бакиев бар,  Данияр Үсөнов менен Николай Танаев да Кыргызстанда жок. Дагы бир мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов да чет өлкөдө баш калкалоодо.  Ал эми  Сапар Исаков менен  Жантөрө Сатыбалдиев учурда абакта.