"Апрель" телеканалына экс-президент Атамбаев маек берди. Анда азыркы кырдаалга байланыштуу бир катар жагдайлар тууралуу оюн билдирген. Ошондой эле, Жээнбековдун талапкер кезиндеги шайлоо штабынын каржылануусу боюнча да айткан. Азырынча аталган телеканал маектин үзүндүсүн Интернетке жарыялады.
"Шайлоо штабынын каржылануусу боюнча документ эмнеге азыр ачыкка чыкканы түшүнүктүү, Икрамжан Илмияновдун камалганына байланыштуу. Ал документти билгендердин баары өз өмүрлөрү үчүн коркуп жатышат. Анткени, Кулматовду деле паспорт үчүн камап салышпадыбы. Бакиевдин бийлиги Медет Садыркуловду өлтүрүшүп, мына биз жолубузга жолтоо болгондордун баарын өлтүрөбүз дегилери келишсе, азыркы бийлик айыпсыздарды - Кубанычбек Кулматов, Сапар Исаковду камап, "Мына, көргүлгө, биз араңардан кимди болбосун абакка тыгабыз, керек боло өлтүрүп деле коебуз", - дегендей болушту", - деген Атамбаев.
Ал эгер Илмиянов камалбаганда документ да жарыяланбайт болчу деген пикирди карманган.