Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 126

 

 

Кыязы, экс-ажо А. Атамбаев КСДП партиясынын кадыр-баркын биротоло төгүп алды көрүнөт. Себеби, ушуну менен экинчи ирет аталган партиянын саясий кеңешинин чечимин КСДП фракциясынын депутаттары колдобой койду. 


Тактап айтсак. 16-ноябрда парламенттеги КСДП фракциясынын отуруму болуп, анда фракция лидери И. Өмүркулов менен депутат И. Карамушкинанын ортосунда кайым айтышуу орун алды. И. Карамушкина фракция лидеринен КСДП партиясынын саясий кеңешинин И. Өмүркуловду партиядан чыгарганына байланыштуу фракция лидерлигинен чакыртып алуу тууралуу сунушун күн тартибине коюну талап кылды. 


Ал эми Иса Өмүркулов андан ошол саясий кеңештин отурумунун толук протоколун, ишеним каттардын көчүрмөсүн жана катышуучулардын тизмесин берүүнү суранды. Бирок, ажылдаган Ирина айым «Сиз өзүңүз саясий кеңештин отурумуна катышышыңыз керек болчу», - деп таптакыр мыйзамдуу кадамдардан алыс экенин көрсөтүп алды. 


Айтор, аягында И. Карамушкина сунуштаган маселени добушка коюшту. Бирок, баардык депутаттар КСДП партиясынын саясий кеңешинин сунушун четке какты. 


Демек, АША мат болду. Эми ал сыйы менен эле партия төрагалыгынан да, партия катарынан да чыгып кеткени туура болот.

 

 

 

(Фейсбуктан алынды)