Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 129

 

 

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясынын каржылык маселелери боюнча билгенин айтууга макул болду. Бул тууралуу аталган партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева маалымат каражаттарына жарыялады. 

 

Белгилей кетсек, укук коргоочу Нурбек Токтакунов президент Жээнбековдун шайлоо штабына катыштыгы бар адам тарабынан табылган документ колуна тийгенин соцтармакка жар салган. Айтымында, андагы документтеги шайлоо өнөктүгүнө коротулган каражат расмий билдирилген маалыматтагы каражаттан алда канча көп. Мыйзамга ылайык, талапкер өз каражатынан 15 миллион сом гана корото алмак. А Сооронбай Жээнбеков 23, 5 миллион сом жеке каражатынан которгонун белгилеген укук коргоочу бул маалыматты президентке импичмент жарыялоого негиз катары баалаган. 

 


Кундуз Жолдубаева шайлоо өнөктүгүн колдоого коротулган каражат мыйзам белгилеген чектен ашып кеткенин далилдеген документ тууралуу партияда кечээтен бери талкуу болуп жатканын билдирген. 

 

"Сумма боюнча так баа бере албайбыз, бирок анда белгиленген расмий иш чаралар менен фамилиялар реалдуу. Жок дегенде менин аты - жөнүм жазылган иш чараларды реалдуу болгон деп айта алам. Андан тышкары, Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалынын журналисттери менен жолугушуп, пландуу интервью маселесин чечишти. Журналисттер бүгүн ага өткөн жылдагы президенттик шайлоо жана андагы каржылык маселелер боюнча суроо беришээрин билдиришти. Алмазбек Атамбаев макул болду. Экс - президент 19-ноябрда эфирге чыгып, бардык суроолорго жооп берет", - деди Жолдубаева. 

 

 

Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы штабынын жетекчиси Фарид Ниязов да бул тууралуу оюн мындайча билдирген: 

 

"Мен штабды жетектеп, ишти уюштургам. Бирок, кампанияны каржылоо маселеси менин милдетиме кирген эмес, аны президенттикке талапкер штабдагы башка эки жооптуу адам менен талкуулачу. Биз материалдарды тыкыр иликтеп жатабыз. Моюнга алыш керек, жарыяланган документтерги иш чаралар жана фамилиялар реалдуу. Күн, айы да дал келип жатат. Азыр кеп мен катышкан иш чаралар тууралуу болууда. Башка иш чаралардын болгон - болбогонун анда аты - жөнү белгиленген адамдардан сураш керек. Мен жетектеген штаб мыйзам чегинен чыкпай иш алып барган. Бир дагы кызматкерим эреже бузууга барган эмес. Бул жаатта биздин юристтер, БШК жана президенттикке башка талапкерлердин, биздин ал кездеги атаандаштардын да штабдары көз жаздым кетирбей байкап турушкан", - деди Фарид Ниязов.