Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 172

 

Адвокат Нурбек Токтакунов соцтармактагы баракчасына президентке импичмент жарыялоого негиз пайда болгонун жазды. Анын белгилешинче, анда Сооронбай Жээнбековдун президентке талапкер болгон кезиндеги шайлоо штабынын кассасы тууралуу маалымат бар. 

 

 

Президентке импичмент жарыялоого негиз пайда болду деген адвкокат ал документтерди Жээнбековдун штабына катыштыгы бар адам бергенин белгилеген. 

 

"Расмий маалыматтар боюнча Жээнбековдун үгүт компаниясына 158 млн 96 миң сом коротулганы айтылган. А бирок, документтерге ылайык,  шайлоого 1 миллиард 170 млн 265 миң сом жана 6 млн 855 миң 700 доллар жумшалганы маалым болду.  Ал кездеги доллардын курсун эске алганда, жалпылаганда  24 млн доллардай каражат коротулган", - деп жазат Нурбек Токтакунов.

 

Андан ары адвокат каражаттарды документке ылайык чечмелеген. Белгилегендей, көрсөтүлгөн каражаттардын баары документте "И.С." деп белгиленген Икрамжан Илмиянов, документте "СШ" деп белгиленген Сооронбай Жээнбековдон түшкөн, андан сырткары Т.Т.Туманов аттуу жарандан 1 миллион 500 миң сом, Примов дегенден 1 миллион 483 сом, Кадыркулов Искендер дегенден 1 миллион сом берилген.  Ошондой эле, Сокулук, Сузак, Жалал-Абад аймактарынан которулган  каражаттар  да бар. Башка адамдардан которулган каражаттарды эсепке албаганда эле,  Сооронбай Жээнбеков   Икрамжан Саттарович аркылуу өзүнүн шайлоо  өнөктүгүнө 23,5 миллион доллардай каражат которгон.

 

Токтакунов мына ушуларга басым жасап: "Мыйзам боюнча, талапкер өз акчасынан 15 миллион  сом гана коротушу керек», - деп белгилеген. 

 

Андан ары укук коргоочу ушунча каражат Сооронбай Жээнбековдон кантип табылганына баш катырган. Ал учурдагы президенттин өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштегенин эске салып, ири сумманы кайдан тапканына кызыккан. Ошондой эле ал, эгер президент шайлоо өнөктүгүнө башка бирөөлөрдөн ири суммадагы каражат алган болсо, анда аларга кандайдыр бир көз карандуулугун пайда кылды деген ойдон да артка тарткан эмес. 

 

Токтакунов көп суммадагы каражат коротулган шайлоодо демек, аны короткон тарап шайлоочулардын добушун сатып алышы мүмкүндүгүн да божомолдогон. 

 

"Шайлоо чыгымдарына карап көрүп, Жээнбековдун кыймыл - аракеттеринде төмөнкүдөй кылмыштын негиздери бардыгын байкоого болот: "

-  140-берене  «КР президенттигине талапкердин шайлоочулардын добушун сатып алышы»;
-  141-1-берененин 2-бөлүгү – «Талапкердин шайлоо кампаниясын өткөрүү үчүн шайлоо фондунун каражаттарынан сырткары ири өлчөмдөгү каржылык колдоону пайдалануу»", - деп жыйынтык чыгарган адвокат. 

 

Акырында, Нурбек Токтакунов Жогорку Кеңеш президенттин бул кыймыл - аракетине баа берип, тыкыр иликтөөгө алып, андан соң импичмент жарыялоосу шарт деп билдирген. 

 

Ал эми Сооронбай Жээнбековдун басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева бул маалыматты "фейк-маалымат" атады. Ал: "Бул фейк маалымат экени көрүнүп турат, мөөрү, кол тамга жок. Андыктан, мындай маалыматка пикир билдирбейбиз", - деп комментарий берүүдөн баш тартты. Аны менен катар президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүн каржылоо боюнча тийиштүү маалыматтардын баары өз убагында расмий жарыяланганын белгилеген.