Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 147

 

“Чындык” деген сөз кыргыздыкы -  жашоодо орун алган факт, окуя.

 

“Трансформация” латындыкы - өзгөртүү, аңтаруу, кыймылдуу күчтү кыймылсыз нерсеге айландыруу. Акты кара, караны ак, кылмышты жокко, жоктон кылмыш жасоо. Ушунун баарысы журналистикага практикалык түрдө тийешелүү. “Акмат аюну өлтүрдү. Аюу Акматты. Ит Ташматты капты. Ташмат итти”. Бул мисал. Анан сот экөөн тең камады. Доо арызды прокурор жазды. Бул теория.

         

Практика болсо мындай. 2010-жылдагы Оштогу окуяны кыргыздын бир калемгери сайттан иликтеп чыгып, “өлкөнү ушундайга жетркиргендиги үчүн мамлекет жетекчиси “себепкерлерди” жоопко тартпаса, өзүн жоопко тартыш керек”- деп тыянактайт. Туура сөзгө өлкөнүн ажосу катуу туталанат. Генпрокурор  “ажонун арына шек келтирилди” деп,   доо арызды сотко жиберди. Авторго 2 миллион сом штраф. Атамбаевдин трансформациясы (аңтарылышы) ушул суммадан башталды. Анан, “аш жегенде аппетит ачылат”, ажого сөз тийген сайын генпрокурор арыз жазат. Конвейер. Ажонун жанында жаткандар “ыкманы” колдошот, өзүлөрү сотко кайрылып, штрафтын көлөмүң  асмандатышты - 50 миллион сом. Ажонун мөөнөтү бүтүп калбаса, бизде кудайдын каарына калган мамлекет болмок.

 

Жаңы президент келери менен өзүнүн доо арызын (Кабай Карабековго) соттон алдырды. Камакта отурган азис акын бошоду, анын  күнөсү ажого арнаган сатиралык ыр. Поэзия менен күрөшкөн  органдар Атамбаевдин учурунда  деградацияга жылышты, дагы уланса, “Скотный двор” деген романдын сюжети  орун алмак.

 

Жээнбековдун доо арызды жокко чыгарган үлгүсү жакшы болду. Ажонун жалаасынан журналистика кутулду. Азырынча. Жасоолдордун куйруктары кыпчылды, бирок чындыктын трасформациясы бүткөн жок. Бүтпөйт, бул күн сайын иштей турган нерсе. Ажолордун мисалы бийликтин трансформациясын көрсөттү. Абийирдин трансформациясын айтпайм, бул идеология. Берилбейм. “Абийир” дегендин  трансформациясы болбойт, трансформатор эмес. Бул же бар, же жок. Муну депутат менен министрлер, бизнесмен менен саясатчылар  жыл сайын  “наглядно” көрсөтүп  турушат.

Элибиз эки ажону өлкөдөн  “чык эшикке” деп кууду, үчүнчүсү кезекте, бирок этегин кармагандар куулбады, жалбырактай сапырылып жатышат. Басма сөз буларды улам-улам баса калат. Туура, баскан үчүн басма сөз. Бүктөлгөн үчүн эмес. Чындыктан качкандарды  басуу басма сөздүн милдети.

 

Байлыктын трансформациясы деген нерсе бар, эң орчундуусу ушул. Акаев кыргыздын  байлыгын (“Кумтөрдөгү” алтынды) чет элдик инвесторго трансформациялап берди. Буга каршы чыккан Исановдун жанын кыйышты. Келишимди Бакиевдин Жогорку Кенеши ратификация менен “бетондоп” салды. Анан “эч нерсени өзгөртө алалбайбыз, парламент бекитпесе, кылат элек” деп жанын жешти. Ошол келишим менен алтынды казып бүтүрүшөт. “Кумтөр” дүйнөлүк масштабда алдынкы кендердин тизмесинде (в первой десятке). Алтындын запасы боюнча өлкөбүз тизменин артында. Логика боюнча башына киришибиз керек. Башыбыз жок. Дүйнөнүн  “рейтинговый  тизмесинде” мамлекетибиздин ысымы жок, ага бийлигибиз жеткирбеди.

 

Катаны кетиргенибизге чейрек кылым болду, бирок бийлик катаны оңдоого умтулбайт, тескерисинче, катаны кайталоого ыктайт. “Жерүй” да чоң өлчөмдөгү алтын. Инвестор менен “генералдык келишим” түзүп, ошол жерге алтынды “продукция боюнча” бөлөбүз деп бийлик жаздырбады, себеби  “киреше боюнча” бөлүүну эңсеп турат. Бул трансформациянын экинчи үлгүсү.

 

Алтын теманы терең изилдеген гезит бар эле  - “Свободные горы” деген, Акаев аны соттун чечими менен жаптырып салган (1994-жылы). Ошондон кийин башка гезиттер жыл сайын канадалык инвестордон рекламалык акчаны алып, “мына, тоонун төбөсүндө кандай сонун иштеп жатышат, пай-пай, бул кимдин колунан келмек эле” деп “тейлей” башташты. Азыркы күнгө чейин “тейлөө” бүтө элек. “Кумтөр” бүткөндө да басылбайт, эстафета башка кен ээсине өтөт. Элдин байлыгына “плевать”.

 

Бакиев кеткенден кийин бул тема кайра сын пикирдин торуна түштү. “Учур” деген гезит алтын боюнча чындыкты сандан санга жазды, ошону каржылаган ишкерлер качышты, гезитке доо арыздар түштү.  Жабылды. Материалдарды “Майдан” улады. Алтындын тегерегиндеги  прессанын таржымалы  ушундай.  Мамлекеттин байлыгынын таржымалы болсо ошол эле бойдон “чынжырланып” турат. Кийинки кендерди  алкымы чоң инвестор менен алкымы кичинекей эмес бийлик күтүп турат. Чынжыр менен.

 

Трансформациянын дагы бир түрү бар  -  коомдун трансформациясы.

 

Ушул жерден кыргыздар ийгиликке жетти, себеби эл байлыгын саткан эки ажону өлкөдөн качырды. Коомубуздун кудурети буга жетти. Башкаларга үлгү болдук, бирок байлыктын трансформациясын токтотууга күчүбүз жетпеди. Мамлекеттен чыгарылган байлыкты кайтарууга мамлекет башчысы эл аралык финансалык топ менен келишим түзүш керек. Ошону түзө турган киши жок бизде. Убакыт өтүп жатат.  Балким, бешинчи президент ушул ишке жарап берет деген үмүт бар. Күтөлү.

 

Инвестор менен адилеттүү келишим түзүү ажонун колунда. Кол таза болсо, таза келишим түзүлөт. Мисал керекпи, мына. Акаевдин учурунда бизге Түштүк Кореядан инвестор келип, автомобиль чыгарган завод куруп берели деди. Чоңубуз ага “чокоюн” күрсөттү. Ал “ладно” деп, Өзбекстанга барды, ошол жердин ажосу менен тил табышты. Завод курулду. Иштеп жатат.  Өзбектөр бүгүн заманбап машинеге жетишти. Алардын  мамлекетине киреше, биздин мамлекетибизге жомок.  Борбор Азияда мандай тажрыйба жок - киреше  боюнча да, жомок боюнча да. Дагы мисал десек, дагы бир жолу Ташкентке кайрылалы.  Британиялык “Оксус” деген алтын казган компания бизге келип, лицензия алды. Жерүйгө  фабрика  салышты, анан генералдык келишимди “продукцияны “бөлүү ыкма” менен түзөлүк”- деп  Бакиевге сунуш кылышты. Буларга  дагы “чокой” көрсөтүлдү. Чымындай болгон  шылтоо “таап”, өлкөдөн кууп чыгышты. Британиянын  жетекчиси Тони Блэр  кат жазып, “силер эмне кылып жатасыңар, бул компаниянын дүйнөдөгү ордун билбей  турасыңар” деп ортого түштү. Биздин жетекчи “көк бет” экенин билдирди. Алар “ладно” деп эл аралык  сотко кайрылып, доо арыз жазышты - 300 миллион долларга. Борис Березовскийди салып, казактын компаниясына өткөрдүк,  карыздын жолун  ошол тапты.

Жанагы “Оксус” деген компания бизден кетип, өзбектөргө барды, ал жердин  бийлиги  “кудай  жалгады”  деп, алтын кенин каздыруу боюнча булар менен келишим түздү. Бүгүн  “продукцияны” (“кирешени” эмес) тең бөлүп, пайданы тең көрүп жатышат. Өзбекстандын алтын запасы жылдан жылга өсүп жатат, Кыргызстанда жыл сайын фольклордун томдорунун көлөмү өсүп  жатат.  Бул чет элдик инвестордун Бишкектен Ташкентке   өткөн трансформациянын көрүнүшү.

 

Кадр саясаты боюнча да трансформация бар, бул жактан да  ааламды таңгалдырдык. Акаев жогорку кызматка “лаборант менен аспиранттарын” койсо, Атамбаев “шофер менен охранасын”  койду. Итог плачевен. Ленин учурунда “каждая кухарка может управлять государством” деп совет бийлигинин тамырын чириткен. Атамбаевдин “кухаркаларын” азыр сактап калсак, азыркы бийликтин тамыры чирийт. Кыйшык баскан кадрларды гезиттер жума сайын көрсөтүп жатат. Булар жаңылса, жаңылганын айтыш керек. Маалымат туура болсо, чечкиндүү чара керек. Элементарный иш.

Мисалдар  жетишет, жайытты  бир күндө бүтүрбөйлү. Кудай буюрса, жолугушабыз.  Уландысы болот.

 

 

 

Кубан  Мамбеталиев, Булак: “Майдан. Kg гезити”