Кыргыз Республикасы менен Микронезия Федеративдүү Штаттарынын ортосундагы дипломатиялык мамилелер түзүлдү. Анткени, эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен Коммюникеге КыргызРеспубликасынын Тышкыи штер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Микронезия Федеративдүү Штаттарынын Япониядагы Атайынжана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Джон Фриц Токио шаарында кол коюшту.
Биргелешкен Коммюникенин текстинде, Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын жана Эл аралыкукуктун принциптери менен максаттарын, атап айтканда, эл аралык тынчтык менен коопсуздукту, мамлекеттер ортосундагы теңдикти сыйлоону жана бекемдөөнү, мамлекеттин улуттук эгемендиги менен аймактык ьүтүндүгүн, көз карандысыздыкты тийиштүү түрдө урматтоону, Эл аралык келишимдерди жана мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөөнү сактоону жетекчиликке алуу менен тараптар дипломатиялык мамилелерди түзүштү деп белгиленет.
Биргелешкен Коммюникеге кол коюу аземинен кийин тараптар мамлекеттер ортосундагы достук жана өз ара кызматташтык мамилелерди БУУнун жана башка Эл аралы куюмдардын алкагында, ошондой эле Японияда аккредиттелген Элчиликтер ортосунда өнүктүрүүгө эки тараптын тең бирдей ниеттенишкедигин ачык билдиришти.