Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 222

 

 

 

Президенттик шайлоодо арам акчалар пайдаланылганбы?

 

- Икрамжан Илмияновдун кылмыш ишине байланыштуу Сооронбай Жээнбековдун дагы аты аталып жатат. Бул провокациябы же чындыктын үлүшү барбы?

 

 

- УКМКнын КСДПга жазган жана КСДПнын УКМКга жооп каттарынын мазмунунан байкалып тургандай, УКМК КСДПга жазган катында “Дизель комплект” фирмасы $150 миң долларды президенттик шайлоо кампаниясына эмес, түздөн-түз КСДП партиясына спонсордук жардам катары накталай Икрамжан Илмияновго бергенин билдирген. УКМК КСДПга суроону туура жана так берип жатат. Ал эми КСДП өз жообунда суроону башка жакка бурмалап, “ал акча Жээнбековдун шайлоо кампаниясына алынган”- дегендей кыйытып, жоопкерчиликти Жээнбековго оодара салуу аракетин жасаган. Бул КСДП үчүн көнүмүш адат. Быйыл жазында да КСДПчылардын Бишкек ТЭЦиндеги коррупциялык схемалары коомчулукка билинип калганда Атамбаев баш болуп ТЭЦтеги коррупцияны президент Жээнбековго оодара салуу аракетин жасаган. Бирок, укук коргоо органдары бул иш боюнча бүтүндөй КСДПчыларды - Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Салайдин Авазов, Жантөрө Сатыбалдиев жана башкаларды камакка алып, татыктуу жообун берген. Эми Илмияновдун $150 миң доллары боюнча да КСДП татыктуу жообун алары түшүнүктүү. Дегеле, 2010-жылдан бери КСДПнын лидерлери ар бир парламенттик шайлоонун алдында өлкөнүн бай адамдары менен фирмаларынан “партияга жардам бер”- деп ири суммадагы акчаларды алып келатышкандыгы, бирок, ал суммалар шайлоого пайдаланылбай жиксиз жоголору айтылып келген. Ошол эле “Дастан” заводунун расмий жетекчилери тергөө органдарына 2010-жылы парламенттик шайлоодо КСДПга миллиондогон сомдорду мамлекеттик заводдун эсебинен беришкенин мойнуна алып, көрсөтмө беришкен. Бирок ал кездеги өлкө жетекчиси Атамбаев бул ишти жаптырып койгон. Эми аны да кайра козгоп, ишке юридикалык баа берүүгө убакыт жетти.

 

 

 

Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан.kg” гезити