Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 166

 

Иса Өмүркулов эмне себептен КСДПнын катарынан чыгарылып калганын өзү да түшүнбөйт. Ал бүгүн чукул маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди. 

 

Айтымында, партиянын жобосуна каршы эч кандай аракет кылган эмес. Ошондой эле, партиянын ичиндеги тирешүүлөрдүн кесепети кандай болоорун божомолдоду. 

 

"КСДП өлкөдөгү эң ири саясий партия. Ошондуктан, анын ички тирешүүлөрү өлкөнүн саясий кырдаалына да таасирин тийгизет", - деди. 

 

Айтымында, ал ушуну менен калып кетпейт.

 

"Көчөдөн келген эмесмин мен. Ушуну менен калып кетпейм, күрөшөм. Мен көп делегаттарды кабыл алам, ал үчүн айыпталуу туура эмес", - деп белгиледи Өмүркулов.