Белгилүү коомдук ишмер Мамбетжунус Абылов менен маектешкенибизде азыр мамлекеттик кызматкерлерге таңсык болуп жаткан сапаттар тизмектелди. Алигүнчө орду жоктолуп келаткан Насирдин Исановдун өмүрү жана өлүмү жөнүндө, азыркыга чейин чуу жаратып, бирок мамлекеттин пайдасына тыянак чыкпай келаткан алтын кенине тийиштүү маалыматтар дагы кеңейди.
- Кыйын кырдаалдардын бир жакшы жери - адамдардын чыныгы жүзүн ачып берет. Атамбаев эки тизгин бир чылбыр али колунда болуп, алынын келишинче алкынып турганында, элге төбөсү көрүнүп калган адамдардын көбү кумга башын катып отурушту. Анын бийлигинин мөөнөтү бүткөндө эле аны сынга алгандар жамырап кетти. Ошол кезде каалаганын каалагандай калчап аткан, бийликтен жалтанбай каршылыгын билдирген инсандар каймактай калкып чыга келишти да, аларга сый-урматым артты. Ошондой инсандардын катарында сиз да барсыз. Атамбаевдин алаңгазарлыгынан эки мамлекеттин алакасына доо кетип, чегара жабылып, кырдаал кыйчалыш болуп турганда, казак-кыргыз ынтымагы үчүн атайын иш-чара өткөрүп, уюштуруучулардын башында болдуңуз. Сиз ошондо “Айтчу сөз азыр, Атамбаев бийликте кезинде айтылыш керек”- деп белгилей кеттиңиз эле. Ошол жерде өзүңүз иш жүзүндө үлгү болдуңуз. Айтсаңыз, ушундай мүнөз калыптаныш үчүн адамга эмне керек? Же бул тубаса касиет болушу керекпи?
- Сурооңуз мени мактоо өңүттө экен. Ошондуктан мактангандай болбой, болгонун, болгондой айтайын.
Ар бир инсан өз заманында такшалат. Менин такшалуу учурум Горбачевдун «перестройка» мезгилине туура келди. «Перестройка» деген идея «гласность» деген сөз менен коштолуп, совет доорунда кемчилдиктерин бетке айтуу жаралды. Ошол эле учурда жергиликтүү бийлик аша чаап кетпес үчүн, Горбачев бизге өз адамдарын жөнөткөн. Буга бизге Компартиянын биринчи катчысы болуп келген Киселев, катардагы катчысы болуп Н.И.Семенов жана КГБ жетекчиси, обкомдордун катчылары далил боло алат. Алар жергиликтүү бийликке көзөмөл кыла баштаганда, Абдыразак Султанов, Жумагул Сооданбеков, Насирдин Исанов сыяктуу кыргыздын көрүнүктүү инсандары Горбачевдун мындай саясатын тайманбай сындап, өсүп келе жаткан жаштарга үлгү да, дух да болушкан. Ошолордун таасири тийди көрүнөт, Акаев, Бакиев, Атамбаевдин кыңыр иштерин, алар бийликте турганда, мен ачык айтуудан качкан жокмун.
- Эгемендикти алганыбызда өлкө башына Аскар Акаев келди эле. Коомчулукта ал билимдүү, окумуштуу адам болгону менен, мамлекет башкарууга такыр тажрыйбасыз экендиги азыр көп айтылып жүрөт...
- А.Акаевдин ошол учурда мамлекет башына келгени, чындыкка таянсак, биз үчүн чоң сыймык болгон. Себеби ал билимдүү, ийкемдүү, демократияга берилген, дипломатиялык жөндөмү күч, акылга бай окумуштуу инсан экенин биз эле эмес, коңшу элдер да билишет. А.Акаев бийликке келгенде, кыргызды атактуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдон кем эмес дүйнөгө таанытты. Өлкөбүз бүгүн дүйнөдөгү Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөсү. Биз дүйнө жүзүнүн бардык бурчу менен тең укукта дипломатиялык мамиледе турабыз. Эл аралык уюмдарда биздин бүгүн таасирлүү ордубуз бар. Ушунун баары А.Акаевдин эмгеги. Биз муну мойнубузга алышыбыз керек. Тилекке каршы, А.Акаев акылдуу жана окумуштуу инсан болгону менен, кыргыздар айткандай, «пендечиликке» жол берип коюп, бүгүн өз мекенине келе албай, бөтөн элде кара жанын багып, менин жеке түшүнүгүм боюнча, арманда жүрөт.
Бул анын мамлекетти башкарууга тажырыйбасы жоктугунан же өзү туура эмес кадрларды тандап алганынан келип чыккан жок. Калыстык үчүн айтып коюш керек, анын тегерегинде элге, саясат чөйрөсүнө таанымал жана ишке жөндөмдүү, тажрыйбалуу инсандар жетиштүү эле болчу. Акаевдин катасы - ал уул-кызына, күйөө баласына, балдыздарына, “силер менин ишиме кийлигишпегиле”- деп айта албай, биздин өлкөдө үй-бүлөлүк башкаруу күчөп кетти. Алар Акаевдин бийлигин Акаевдин өзүнө ыраа кылбай, таза, тажрыйбалуу кадрларды мамлекеттик кызматтан четтетишип, алардын ордуна кошоматчыларды дайындап, Акаевдин өзүн эч нерсе чечпеген байкушка айлантып салышты. Өлкө башчы байкушка айланганда, андай байкушту эл оңой эле өлкөдөн кууп чыкты.
- Сиз жогоруда санап өткөн А. Султанов, Ж. Соодонбеков, Н. Исанов өңдүү башкаруу тармагында аздыр-көптүр тажрыйбага ээ адамдар келгенине караганда, Акаевдин келгени утушка ээ кылган жагдай болгон деп эсептейт экенсиз да? Акаевдин бийлиги сиз мисал келтиргендей, эл аралык мамилелерде ийгиликтүү болгону менен, ички саясаттагы ошондогу ээрге кыйшык отуруш эмдигиче түзөлбөй жаткан сыяктанат?
- Менин оюмча, сиз А.Акаевге баа берип жатып, ал бийликке келген учурду эске албай жатасыз. Ошондуктан сиздин көңүлүңүздү ошол кырдаалга бурайын. «Перестройкадан» эл күткөн натыйжа чыккан жок деп Совет өлкөсүнүн ошондогу премьер-министри Н.Рыжков Москвада ачылган съездде ачык жарыя кылып, М.Горбачевдун жүргүзгөн саясаты менен Совет өлкөсү оңоло албасын айкындап салды. Ошондон баштап Союзга баш ийген биз сыяктуу өлкөлөр эле эмес, ошол Союздун борбору Москва да М.Горбачевду жерип, Россиянын парламенти Москванын макулдугу жок эле Б.Н.Ельцинди өз өлкөсүнө башчы кылып шайлап алышты.Ошол учурда биздин жетекчибиз А.Масалиев “Москва эмне дейт?”- деп кылчактап туруп алгандыктан, биздин парламент да анын ордуна А.Акаевди өлкө башчы кылып шайлап салды. Ошондо А.Акаевдин бийликке келгенине биз кубандык. Себеби ал партноменкулатуранын өкүлү эмес, илим академиясын башкарган билимдүү, Союзга таанымал окумуштуу болгон.
Андан сырткары, ошол учурда Союздук парламентке мүчө катары ал Б.Ельцинди бийликке алып чыккан Россиянын атактуу демократтары Г.Попов, Ю.Афанасьев, А.Собчак менен кызматташ болгон. Ошондуктан А.Акаев кызматка келгенде, чу дегенде өз командасына демократияга ыктаган тажырыйбалуу инсандарды тарткан.
Ошонун натыйжасында Н.Исанов өлкөгө вице-президент, анан премьер-министр, А.Султанов Жаратылышты коргоо министрлигине, Ж.Сооданбеков Коомдук көзөмөлдөө палатасына жетекчи болуп дайындалган. Биздин өлкөгө партноменкулатуранын өкүлү эмес, демократияга ыктаган, илимий чөйрөнүн өкүлү келгени үчүн мен өзүм ошол учурда абдан сыймыктанчумун.
Акаев бийликке келгенде, менин оюмча, ал ээрге кыйшык отурган эмес. Ал биздин өлкөдө саясый, экономикалык реформаларды ыкчам, бирок чала жүргүзгөн. Мен муну сизге далилдеп берейин. Акаевдин саясый реформасынан биздин өлкөдө ар кандай саясый партиялар куралып, өлкөдө атаандаштык шайлоо тута алды. Анын экономика тармагындагы реформасы элди жеке менчикке буруп, өлкөдө жерлер, мүлктөр элдин, коллективдердин, ишкерлердин колуна өттү. Өлкөдө эркин соода жүргүзүү, жеке ишканаларды ачуу, ички, сырткы илешкини эркин өнүктүрүү башталды. Биз өзүбүздүн улуттук валютага ээ болдук. Диффузия деген сөздү физика илиминде калыптанган абанын жыты же калыптанган суунун түсү бузулса колдонот.
Жогоруда аталган саясый жана экономикалык реформалар, физикадай эле биздин коомдо диффузия жаратты. Ошонун айынан, элдин калыптанган социалдык жашоосу бузулуп, эл ичинде байлар жана жакырлар жаралып, «ач кадырын ток билбейт» деген заманга дуушар болдук. Бир нерсени билип коюш керек, жакырчылыкты жоюу баардык эле жерде өкмөттүн гана милдети деп эсептелет. Бирок өкмөт курамын бүгүн жалаң көпөстөрдөн турган депутаттар чечкендиктен, өкмөт элге эмес, ошол көпөстөргө кызмат кылууда. Бу кесел А.Акаев учурунда башталып, бүгүн өз аппогейине жетти.
Сиз деле көрүп турасыз, жакырчылык күчөгөн сайын, коомдо саясый туруктуулук бузулуп, жакыр эл төңкөрүшкө умтулгандарды колдойт экен. Буга жол бербеш үчүн Совет доору динди, Рим доору көпөстөрдү мамлекеттик бийликке жолоткон эмес. А.Акаев болсо “баардык жарандардын укугу бир” деген батыштын догмасына таянып, көпөстөргө депутат болууга, өкмөттүн курамын аныктоого жол ачып салган. Тилекке каршы, биз буга бүгүн да жол берип жатабыз. Өкмөт көпөстөргө көз каранды болбой, иштеш үчүн жана жакырчылыкты жоюш үчүн өкмөт чечкиндүү иштесин десек, бай менен көпөстөрдүн өкмөт курамын аныктоого биздин өлкөдө укугу болбош керек.
- Сиз таалим алган адамдардын арасына Насирдин Исановду да атап өттүңүз. Бул инсандын бийик адеп-ахлак, нарк-насили, бек карманган тазалыгы тууралуу башка кадырлуу адамдардан да угуп жүрөм. Chyndyk.kg сайтына жарык көргөн материалда жубайы анын киши колдуу болгонун айтыптыр. Зил жүк машинасы менен кагышкан Волга автомашинасынан жалгыз Н.Исанов көз жумган экен. Эженин айтканына таянсак, ошондо Исанов азыркыга чейин чуунун үстүндө келаткан алтынды өзүбүздүн заводдордон чыгарууну көздөп жүргөн экен. Бул тууралуу сизде кандай маалыматтар бар?
- Насирдин Исановичтин каза болгону Султан Ибраимовичтин каза болгонундай эле кыргыз элин катуу кайгыга батырган. Насирдин Исановичтин жубайы Зина эженин минтип айтканында негиз бар. Эмне үчүн? Мен Насирдин Исановичке чабуул башталганда, ал киши менен бир маселе боюнча пикир бөлүшкөм. Мен ошону айтайын, а Сиз өзүңүз тыянак чыгарып алыңыз.
Кыргызда “жылаан чыкпай, жылкы теппей” деген сөз бар. Ошо сыңары, “Бир граммынын баасы бир килограмм алтындан кымбат турган биздеги “кызыл ртуть” жашыруун өлкөдөн чыгарылып жатат”,- деп А.Акаев күтүлбөгөн жерден бир жыйында Насирдин Исановичти ачык күнөөлөп чыкты. Жыйын бүткөндөн кийин, а киши менен жолуга албай калгандыктан, эртеси кечкурун жолуктум. “Эмне болуп кетти?”- деп Насирдин Исановичтен сурасам, ал мага муну айтып берди:
“Чыңгыз Айтматовдун Санжар деген баласы “инвестор алып келип А.Акаев менен жолуктурдум, эми сиз кабыл алып койсоңуз” деп өтүнгөнүнөн мен кабыл алгам. Алып келген кишиси Бирштейн деген Москвадан мурда Израилге кеткен еврей экен. Аны уксам, “кен байлыктарыңарды кепилдикке койсоңор, мен чет элдик банктардан каалашыңарча каражат алып берем, ал кен байлыктарды өздөштүрө турган компанияларды таап берем. Кыргызстандын экономикасы ыкчам өнүгүп, башка өлкөлөргө үлгү болосуңар. Муну ишке ашырыш үчүн Сиздин өкмөтүңүз мага кепил катка кол коюп бериши керек. Менин сунушумду А.Акаев жылуу кабыл алды”- деп маалымдады. Аны угуп бүткөндөн кийин “сиздин иш тажрыйбаңыз менен таанышалы, кен байлыктарды өздөштүрүү боюнча өзүңүздөн мурун ишке ашырган проекттериңиз тууралуу мага маалымат калтырыңыз”- деп, мен аларды узатып койдум. Ал кеткенден кийин “Макмал” алтын комбинатын биз менен бирге курган россиялык досторго телефон чалып, Бирштейн жөнүндө маалымат сурасам, ал эл аралык “аферист”, андан этият болгула деп жооп беришти. Ошондон кийин мен Бирштейн тууралуу унутуп калгам. Бир күнү А.Акаев менден сурап калды, “Сизге Бирштейн кездештиби?”- деп. Ал мага Айтматовдун баласы менен келгенин, ал тууралуу москвалык достор этият болгула деп айтканын маалымдадым. Андан башка Акаев менен сөз уланган эмес. Кечээ “кызыл ртуть” тууралуу А.Акаев күнөөлөгөндө, мен москвалык досторго телефон чалып, “кызыл ртуть” тууралуу маалымат сурасам, алар мага муну жөнөтүштү”,- деп мага кат көрсөттү.
Окусам анда мындай деп жазылыптыр: “Кызыл ртуть” деген зат жаратылышта кездешпейт, ошондуктан аны өндүргөн, же саткан дүйнөдө бир да мекеме жок. Ртутту тазалоо үчүн, ага ар кандай заттарды кошуп, окумуштуулар химиялык формула таап, аны “кызыл ртуть” деп аташкан. Бирок андай химиялык формулага шайкеш келген жаратылышта да бир да зат кездеше элек”.
Мен катты окуп бүткөндөн кийин Насирдин Исанович мындай сөздү кошту. Москвалык достор Бирштейндин «кызыл ртуть» тууралуу мурда эле Москвадан маалымат сурамжылап жүргөнүн билишет экен. А.Акаевге жалган маалыматты Бирштейн берсе керек, “кызыл ртуть” тууралуу менин жообумду уккандан кийин, ал менден “бул жооп ортобузда калсын” деп суранды. Ошондо мен: “А.Акаевдин айыбынан кийин Сиз жөнүндө элде бүдөмүк пикир күчөйт. Ага жол бербеш үчүн, бул жоопту гезитке жарыялаш керек ко”- дегем. Ал мени угуп, “Слово Кыргызстана” газетасынын редакторуна телефон чалып, “Александр Иванович, «кызыл ртуть» тууралуу менин жообумду гезитке жарыялап коюңуз”- деди. Ошондо ал жооп гезитке чыккан. Бул архивде бар.
Насирдин Исановичти киши колдуу болду деп Зина эженин айтканында негиз бар. Муну мен сизге түшүндүрөйүн. Исанов бийликте турса Бирштейн кыргыз элинин ырыскысына кол сала алмак эмес. Муну билгенден кийин, ал Н.Исановду премьер-министирликтен кетирүү жолун издеген. А.Акаев ошондо Бирштейге алданып Н.Исановго “кызыл ртуть” боюнча жалган жалаа жапкан. Насирдин Исановичтин гезитке чыккан жообунан кийин, Акаев калпычы кейип кийип, Исановдон кантип өч алаарын билбей жүргөн. Менин оюм боюнча, ошол учурда Исановдун жок болгону Акаевге ыңгайлуу болуп калганын сезип, Бирштейн канкордукка барышы мүмкүн. Себеби авария болгондо Насирдин Исанович менен жанында Бирштейн менен анын “дөөдөй” болгон жан сакчысы гана болгон. Алар эч жабыркабай, жалаң гана Насирдин Исанович катуу жаракат алып, өзүнө кайра келе албай, авария болгон жерде көз жумган. Исанов көз жумгандан кийин, рахмат сыңары, А.Акаев “Кумтөр” алтын кенин Бирштейндин колуна салып бергени, Исановдун өлүмү Акаевге ыңгайлуу болгонунан кабар берет. Криминалистикада “обретатель выгоды” деген түшүнүк бар. Ушу түшүнүккө таянып, эгер сиз “Насирдин Исановичтин өлүмү кимге пайдалуу болмок?”- деген суроого жооп издесеңиз, сиз Бирштейнге келип сөзсүз такаласыз. Себеби Насирдин Исановичтин өлүмү Акаевдин бийлигинин бекемделишине өбөлгө түзүп, “Кумтөр” алтын кени Бирштейндин колуна шарт эле тийди да.
- Жээнбековдун бир жылына, кадрдык саясатка кандай баа бересиз? Иштин көзүн билген, тажрыйбалуу адамдар, билимдүү, таланттуу жаштар дале көз жаздымда калып аткан жокпу? Жакында соцтармактарда көп нааразылыкты жаратып аткан талапкер акыйкатчы болуп шайланды. Кыргызстандын келечеги үчүн кооптонуу күчөп тургансыйт, сиздин пикириңизде кандай?
- Президент С.Жээнбековдун бийликке келгенине бир жыл болгону менен, ал кадр саясатын өз алдынча жүргүзүүгө жетише элек. Мунун жүйөлүү себеби бар. Бүгүн бизде өкмөт жетекчисин Атамбаевдин көзөмөлү, макулдугу, колдоосу менен түзүлгөн парламент, ал эми өкмөттө маселени чылгый Атамбаевдин сүймөнчүктөрү чечип жатышат. Алар С.Жээнбековго ыктап иштейин дешсе, Атамбаев бүгүн С.Жээнбековго каршы ачык чыгып, өкмөт менен парламенттин мүчөлөрүн бүдөмүк ойго такап жатат. Эгер өкмөт башчы менен парламент бүгүн С. Жээнбековго ачык ыкташса, анда алар Атамбаевди саткан болуп калышат, ыктабайын дешсе, бийликти кайрып алам деген Атамбаевдин чабуулу курчуганын алар көрүп турушат. Ошондуктан өзүнө душман арттырбаш үчүн С. Жээнбеков мындай кырдаалда Атамбаевдин сүймөнчүктөрү менен кызматташууга мажбур болууда. Сиз сурап жаткан Атамбаевдин эрке талтаңы Т.Мамытовду парламент ошондуктан элдин каршы болгонуна карабай, акыйкатчы кылып шайлап салды. Атамбаев учурунда бийликтен четтетилген тажрыйбалуу, иш билги, колу таза, кошоматчылыкка ыктабаган инсандар ошондуктан бүгүн да жоопкерчиликтүү, ылайыктуу кызматтарга тартылышпай, өлкөбүздүн экономикасы өнүгүү жолуна түшпөй жатат. Кыргызда “бөрү баласы ит болбойт” деген бир накыл сөз бар. Анын сыңары, Атамбаевдин кадрлары эгер кырдаал курчуп кетсе, С.Жээнбековго жөлөк болушпайт. Буга Бакиевдин тагдыры мисал боло алат. Ушуну түшүнүп, өзүнүн бийликте турганына бир жыл ашып кеткенин эске алып, С.Жээнбеков кадр саясатын өз алдынча жүргүзүүгө өтүш керек. Эгер буга бара албаса, анда С. Жээнбековду колдойлу деген эл ичиндеги жакшы пикир бат эле сууп кетет. Атамбаев ушуну эле эңсеп турганын С.Жээнбековдун өзү деле байкап турса керек.
Маектешкен Жетиген Асанбек
Булак: “РухЭш” сайты