Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 218

 

 

Кыргызстан советтук мезгил тушунда айыл чарбасы өнүккөн алдыңкы мамлекеттердин катарына кирчү. Мухамедкалый Абылгазиев премьер-министр болуп келгенден тарта агрардык тармакка да өзгөчө көңүл бурула баштады. Себеби, айыл чарбаны өнүктүрүү менен өлкөнүн экономикасын мурунку бийиктиктерге алып чыгуу мүмкүнчүлүгүбүз жогору. Өткөн жумада “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында жайгашкан “Конгресс-холлдо” органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча эл аралык бизнес-форум болуп өттү. Назараңыздарга бизнес-форумда премьер-министр М.Абылгазиевдин сүйлөгөн сөзүн сунуш кылабыз...

 

Урматтуу органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча эл аралык бизнес-жолугушуунун катышуучулары!

 

Биздин бүгүнкү жолугушуу абдан маанилүү маселеге арналган, ал органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү жана анын экспорттук потенциалын арттыруу.

Биз сиздерди бул жерге жөн гана органикалык айыл барба багытындагы жаңы түзүлүп жаткан улуттук программабыз менен таанышуу үчүн эле эмес, эл аралык багыттагы чоң тажрыйбаңыздарды эске алуу менен, өз сунушуңуздарды айтып, мындан кийин да Кыргызстан үчүн абдан маанилүү бул программаны ишке ашырууда жакындан катышарыңыыздарга үмүт кылып чакырдык.

 

Эң алды биз жөнөкөй, бирок жетиштүү атаандаштыктагы логикага таяндык. Жогорку аттандаштыкта өнүгүп жаткан дүйнөлүк айыл чарба продукцияларынын рыногуна Кыргызстан эмне сунуштай алат? Бул багытта биз органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү жана аны мамлекеттик колдоодон чоң потенциалды көрүп турабыз. Кыргызстан таза жер кыртышы, суусу жана абасы менен мактана алат, бул жаатта биз уникалдуу мамлекетпиз. Биздин колубузда эмгекти сүйгөн, жетишерлик тажрыйба топтоп, жеке менчигиндеги жер үлүштөрүн бапестеп багып келе жаткан, калыптанып калган фермерлер бар. Дал ушул фермерлерибиздин тажрыйбасы, жерлерине, алып жаткан суусуна, жашаган абасына жасаган аяр мамилеси экологиялык жактан теңдешсиз продукцияларды даярдоодо биздин тирегибиз жана ийгилигибиздин ачкычы болуп эсептелет.

 

Биз экология тармагындагы дүйнөлүк бренддин өнүгүшүн, агымдарын иликтеп чыктык. Ошондон улам биз акыркы кездерде экологиялык жактан таза продукцияларга талап абдан күчөгөндүгүн так айта алабыз. БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба багытындагы ФАО уюмунун изилдөөсүндө, таза айыл чарба продукцияларына талап жыл сайын 14 пайызга өсүүдө. Бирок, айрым мамлекеттер өндүрүшкө өзгөчө басым жасагандыктан, таза жер үлүштөрүнөн куржалак калып жатканы жалганбы?

 

Өкмөтүбүздүн органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү багытындагы программасын ишке ашыруудагы системалуу, бир кылка иш-чараларынын натыйжасында айыл чарба продукциясын экспорттоодогу негизги көйгөйлөрдү чечсек болот, бул албетте: көлөм, сапат жана баа.

 

Өкмөттүн системалуу, бир кылка аракеттери эмнени түшүндүрөт?

 

Бул биринчи кезекте нормативдик багыттагы чыгармачылык. Бул аркылуу органикалык продукциялардын мамлекеттик стандарттарын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүчү укуктук жолдор түзүлөт, бүт дүйнө жүзү тааный тургандай механизмдер калыптанат.

 

Кийинки кадам – эл аралык аккредитациясы бар заманбап лабораториялардык түзүү боюнча аракеттер күчөтүлөт. Бул ишке эл аралык сертификатташтыруу жаатындагы уюмдар тартылып, алардын жардамында эл аралык сапат талаптары түзүлмөкчү. Дал ушул бардык дүйнө өлкөлөрүндө таанылган эл аралык сертификатташтыруу уюмдары айыл чарба багытындагы жерлерди сертификаттоо жаатындагы өлкө боюнча масштабтуу иштерди аткарууга түз катышуусу керек. Биз бул уюмдар менен фермерлерибизди дүйнөлүк рыноктун бирдиктүү талаптарына жооп берген айыл чарба продукцияларын өндүрүү багытында окутуу жүргүзүүсү боюнча да кызматташууга даярбыз.

 

Эл аралык кызматташуунун маанилүү талабы катары фермерлерди сертификатташтырылган жана аккредитацияланган уруктар, көчөттөр жана органикалык жер семирткичтер менен камсыздоону көрөбүз. Биз бул багытта күнөсканаларды куруу, окуу борборлорун түзүү боюнча иштерге толук мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө даярбыз.

 

Биздин бирдиктүү максатыбыз – жогорку баадагы жана сапаттагы продукцияны экспорттоо. Дал ошондуктан айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү багытында заманбап линиялар курулат. Алар сапаттуу сырье менен жетиштүү өлчөмдө камсыздалып турмакчы.

 

Биздин программабызга эки тарапка тең пайдалуу келишим негизинде тартылган фермерлер район-облусттардын алкагында кайра иштетүүчүлөрдун талабына төп келген продукция өндүрүп турат. Кайра иштетүү линияларынын алкагында атайын кампалар курулуп, серьелук база менен алар ар дайым камсыз болуп турмакчы.

Биз мамлекеттик бренддин пайда болушуна өзгөчө маани беребиз. Мамлекеттик бренддин талаптары жана коргоо элементтери декларацияланат.

 

Анан, биздин эл аралык кызматташуунун логикалык жыйынтыгы катары экспортко чыга турган продукцияны сертификатташтыруу эсептелет. Тобокелчиликтерди минималдаштыруу максатында эл аралык камсыздандыруу компанияларын тартуу менен камсыздандыруу системасын киргизебиз. Алар учурда бардык дүйнөдө ийгиликтүү колдонулуп жаткан камсыздандыруу продуктыларын сунуштоого даяр.

 

Урматтуу эл аралы бизнес-форумдун катышуучулары!

 

Биздин жогоруда айтылгандай, органикалык айыл чарба багытындагы максаттарыбызды ишке ашыруу үчүн, ведомстволор аркылуу жумушчу топ түзүлүп, ага органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү багытында иштеп келаткан эл аралык адистерди тартабыз.

 

Маалымат катары эске салгым келет – Кыргызстан уникалдуу географиялык жайгашуусунан улам, дүйнөлүк сууларга чыга албаса да, үч милиларддаган калктуу рыногу бар, эки тез өнүгүп жаткан “океанга” кошула алат – бул Кытай менен Индия! Бул жерде биз Дүйнөлүк соода уюмуна мүчөлүгүбүздү толук колдонобуз. Кыргызстанга демократиялык өнүгүү багытында ВСП+ статусу ыйгарылган. Бул кыргыз товар өндүрүүчүлөрүнө Европага нөл тарифтик ставка менен 6 миңдей товардын түрүн экспортоого мүмкүндүк берет.

 

Жыйынтыгында мен толук жоопкерчилик менен билдирип кетким келет: биздин өкмөт климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштө белгиленген талаптары толук аткарат жана жашыл экономиканы түптөөдөгү эл аралык саясатты колдоо курсун алды. Биздин гидроресурстар, жогорку даражадагы күндүн активдүүлүгү, табигый жол менен алынган энергия булактарынын потенциалы - атмосферага зыяндуу калдыктарды таштоодон сактап турат. Бул жол менен биз аймактагы экосистеманы колдойбуз.  Жалпы экосистеманы колдоо багытында тамчылатып сугаруу ыкмасын кеңири колдонуу боюнча атайын программа бар.

 

Заманбап экономика менен үлбүлдөгөн экосистема бири-бирине көз каранды. Табийгат тартуулаган таза экологияны сактоо аркылуу экономиканы гүлдөтүү бардык эле мамлекеттин тилеги болсо керек. Биздин максатыбыз дал ушунда!

 

 

 

Булак: “Майдан.kg” гезити