Депутат Руслан Казакбаев мурдагы депутат Өмүрбек Бабановдун маселеси боюнча Жогорку Кеңештин жыйынында президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды. Анын кайрылуусуна караганда, "Республика - Ата Журт" фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтуунун жолун издеп жаткандай.
"Президенттик шайлоодо Бабанов Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы болуп, шайлоочулардын 30 пайыздан арбын добушун алган. Ал кылмышкер эмес, ал эли-жеринин чыныгы патриоту", - деген Руслан Казакбаев мамлекет башчыдан ушул маселеге көңүл буруусун суранды.
Өмүрбек Бабановго президенттик шайлоодон кийин эки кылмыш иши козголгон. Биринчиси, шайлоонун үгүт иштери учурунда Ош шаарындагы кичирайондордун бириндеги шайлоочулар менен жолушугуп жатып, диний жана улуттук тирешүүнү жаратуучу чакырык таштаган деп айыпталган. Бул кылмыш иши боюнча тийиштүү тергөө чаралары уланууда.
Экинчи кылмыш иши боюнча ал бийликти күч менен басып алуу жана массалык башаламандыкты жаратууга айыпталган. Бул иштин тергөө амалдары токтотулган.
Айрым маалыматтарга караганда Бабанов учурда Москва шаарында. Жакында маалымат каражаттардын бирине аталган фракциянын депутаты Бабанов жок, партиянын акыбалы оордоп, келерки парламенттик шайлоого катышуу-катышпасы арасат болуп турганын билдирген. А бүгүн Казакбаевдин капысынан эле Бабанов маселесин көтөрүп чыкканы, лидер өлкөгө келмейинче, партиянын иши алдыга жылбасына көздөрү жетип, анын аргасыз издеп башташкандай сезилди.