Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 157

 

 

Кыргыз Республикаксынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 24-сентябрда АКШнын Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту.

 

Жолугушуу болоор алдында Мамлекет башчысы БУУнун атайын китебине Уюмга жакшы каалоорун жазып калтырды.

 

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш Сооронбай Жээнбековду жылуу тосуп алып, Кыргызстанга ар кандай мезгилде барганын, өлкө кыйын мезгилди баштан кечирип жаткан учурдун күбөсү болгонун, эми болсо өлкөдө демократия гүлдөп жаткандыгын белгиледи.

 

«Кыргызстан — региондо зор роль ойногон кереметтүү өлкө, анда жакшы адамдар жашайт. Кыргызстан — демократия гүлдөп өнүккөн өлкө, мына ушул нерсе жүрөгүңдү жылытат», -деп баса белгиледи Антониу Гутерриш.

 

Президент Сооронбай Жээнбеков 82 мамлекет башчыларынын жана 45 өкмөт башчыларынын катышуусу менен БУУнун Башкы Ассамблеясы өтүп жаткан күндөрү, иш графиги абдан жыш болгонуна карабастан жолугушууга убакыт тапкандыгы үчүн Антониу Гутерришке ыраазычылык билдирди.

 

Мамлекет башчысы Антониу Гутерриштин Кыргызстанга визитинин алкагында 2017-жылдын июнунда Ош шаарында аңгемелешүүсүн эске салып, бул байланыштар Кыргызстан менен БУУнун кызматташуусунун жогорку деңгээлинин көрсөткүчү болуп саналаарын белгиледи.