Печать
Категория: Саясат

 
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Азербайжан парламентинин 100 жылдыгына арналган иш чарага катышуу үчүн Азербайжан Республикасынын борбору Баку шаарына барды.

 

20-сентябрда аталган иш-чаранын алкагында Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев чет өлкөлүк парламент жетекчилерин кабыл алды.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө Президент Ильхам Алиев өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүнө токтолуп, катышкандыгы үчүн бардык делегация башчыларына ыраазычылык билдирди.  

 

Өз кезегинде Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков ушул маанилүү окуяга байланыштуу Азербайжан тарапты куттуктап, жакшы каалоолорун билдирди.

Ошондой эле, Президент Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго салам жолдоп, Азербайжан Республикасына расмий сапар менен келүү сунушун жеткирип коюсун өтүндү.