Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 181

 

 

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 17-сентябрда журналисттерге билдирди. Путин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен келе турганы айтылды.

 

Учурда визиттин так датасы аныктала элек, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Сапардын алкагында эки тараптуу он документке кол коюлат.

 

Владимир Путин буга чейин Кыргызстанга расмий сапар менен 2017-жылы 28-февралда келген.