Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 167

 

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков тууралуу жылуу пикирин билдирди. Ал Москва шаарында өткөн Кыргызстандын эгемендүүлүк алган күнүнүн урматына арналган семинарда кыргыз бийлиги жөнүндө  көз карашы менен бөлүшкөн. 

 

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бийлиги туура жолго түшкөнүн айткан. Ошондой эле, өлкөдө дагы революция болушуна негиз жоктугун белгилеген. 

 

"Украинадагы абалды көрдүк. Кыргызстан да дагы бир революцияга туруштук бере албайт. Анын үстүнө революция болууга себеп деле жок. Сооронбай Жээнбековдун бийлиги туура жолдо баратат", - деген Акаев Кыргызстан саясий кризистен чыгаарын белгилеген.