Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 167

 

Депутат Кожобек Рыспаев 29-августта КСДПнын катарынан чыгарылган. Партиянын маалымат катчысы Кундуз Жолдубаева эмне себептен мындай кадамга барышканын чечмеледи. 

 

Анда айтылгандай, Рыспаев маалымат каражаттарынын бирине Бишкек ЖЭБиндеги коррупциялык иштер боюнча пикирин билдирген. 

 

"КСДПнын бул иштерге тиешеси бардыгы далилденсе, анын катарында кала албайм. Биз туугандашып жүргөн жерибиз жок. ЖЭБдин жетекчилиги жогору жактагылар менен биргеликте бул ишке барганы баамдалып турат", - деген депутат. 

 

Ушул сөзү жана Бишкек ЖЭБинин жетекчиси Нурлан Өмүркуловду колдогону үчүн партиядан четтетилгени айтылууда. Ал эми депутат өзү андай пикир билдирбегенин айтып, партиянын билдирүүсүн калпка чыгарууда.