Жогорку Кеңешке КСДПнын тизмеси менен келген депутат Кожобек Рыспаевди кечээ партия тизмесинен чыгарды. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматы маалымат таратты.
Маалыматка караганда, депутат мындай "урмат-сыйга" партиянын жобосуна, багытына каршы келген аракеттери үчүн татыктуу болгон. Бирок, кайсы аракеттерге партияга шайкеш келбегени кабарланбаган.
Андан тышкары партия Кожобековду парламенттик комитеттин төрагалыгынан чакыртуу, партиянын атынан ар кандай жумушчу топторго, убактылуу комиссияларга, делегацияга кошулган болсо, андан чыгаруу чечимин да кабыл алган.