Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 190

 

 

Күтүү... Күзгү саясий сезон Кыргызстанды кайда алпарат?

 

- Адатынча, күзүндө саясий кырдаал курчуй түшөт эмеспи? Аны утурлай саясатта кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн? Митинг, пикет, нааразычылык акциялары болушу ыктымалбы? Андай акцияларды ким баштап чыгышы мүмкүн, бош турган оппозициялык талааны кайсы саясатчылар ээлейт?

 

 

- Туура, “күздө кырдаал күчөйт” деген ар түрдүү миш-миштер айтылып жатат, аны мен дагы угуп жатам. Ал ушактарды кимдер таратып жатканы да мага маалым, көпчүлүк деле билет. Ал “Форум”. “Аттан түшсө да ээрден түшкүсү келбейт”- демекчи, сыйы менен кеткен мурунку башкармалар азыр толугу менен туруктуулукка карама каршы иштерди баштачудай болуп турат. Ошол үчүн маалыматтык мейкиндикте алар медиа булактарды сатып алып жатышат, маселен ошол эле “7-канал”, андан тышкары рейтинги жогору интернет ресурстарга жана айрым гезиттерге акчаларды мүшөктөп  берип жатышат. “Эмнеге акча төлөп, телеканалдар менен редакцияларды жана айрым НПОчуларды сөөгү менен кошо сатып алып жатышат?”,- деген суроону өзүңөргө берип көрсөңөр? Албетте, даярдык көрүп жатышат, ал даярдык 2020-жылдагы боло турган парламентке шайлоого эмес, ал болгону гана таарынган, кекчил достун өч алуусун канааттандырыш үчүн жасалууда. Франциянын королу болгон Людовик XV айтты эле: “менден кийин мага десе суу каптап кетсин (после меня хоть потоп...)”,- деп. Мына ошол сыяктуу ойлонгон адамдар бар саясатта. Тилекке каршы, алар бийликте турганда бир топ туура эмес иштерди кылышты, эми алар жөн жатпай, кооптуу кырдаалдарды жаратканга кам көрүүдө. Ал сезонго карабайт, балким күз, балким кыш, балким бийликтин каталары болуп калышы ыктымал.

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити