Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7- августа, Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Телефондук сүйлөшүүдө мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары, Кыргызстанда өтө турган Түрктилдүү мамлекеттердин мамлекет башчыларынын кызматташуу кеңешинин 6-чы Саммити тууралуу сүйлөшүштү.