Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 228

 

 

Жээнбеков жана революция: экөө эки башка командабы?

 

- Президент  Сооронбай Жээнбековдун жарандык коом менен жолугушуусунда айтылган сөздөр ишке ашабы?

 

 

 

- Дайыма жаңы президент келгенде, элде жаңы үмүт жаралат. Биз дагы дайыма жаңы шайланган президентке, ал Курманбек Бакиев болобу же Алмазбек Атаммбаев болобу, баардыгына ийгилик каалап, жакшы сөздөрдү аяган эмеспиз. Сооронбай Жээнбековго мен "сиз шайлангандан бери колдоочулардын санын эки эсе эмес, үч эсе көбөйтө алдыңыз, мандатыңыз бекем, ишенимди актаңыз. Бүгүн бизден жардам сурап, кызматташууга чакырдыңыз. Биз кызматташууга барчудай чет өлкөлүк тарап же байкоочу эмеспиз, жетекчилик кылыңыз, элибизге ошол жетишпейт, жол көрсөтүңүз, туура жолдо биз, оор жүктү көтөрүшүп кызматташууга эмес, кызмат кылууга милдеттүүбүз" деп кайрылдым. Ошол эле учурда мен дайым айтып келем "жарандык коом, жарандык коом" деп олуя кылчу бизде күч жок, алардан бир сыйкырды күтүү кереги жок. Биздин тагдыр мамлекет жетекчилигинин колунда. Ага ийгилик каалайлы. Касташууга эч кандай негиз жок. Суроолордун көбүнчөсүн өз убагында чечсе болот. Мен, бирок, дагы бир жолу эскертем. Биз Бакиевди да, Атамбаевди да куттуктаганбыз. Кеп президентибизде. Биз го калабыз. Ошол киши кайсы жолду тандайт, кандай сабак чыгарат - кеп ошондо!

 

 

Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. Kg гезити”