Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 143

 

 

- Алмазбек мырза, Албек Ибраимовду кармоо операциясында УКМКнын атайын тобуна каршылык көрсөтүп, курал колдонду? Неге куралы жок эле колго түшүп берген жок?

 

- Анын мындай аракети - акылга сыйбаган жоругу, демек, Кыргызстанда өзү каалаган нерсенин баарын жасап калганын айгинелейт. Себеби, Атамбаевге таянып алып, ал ойго келбеген нерселерди жасады. Ыгы келсе, келбесе да пайда тапты. Азыр жеп-ичкенинин кесепетин тартып, темир тор артына отуруп калды. Негизи мыйзам тандалып иштеп калган мамлекеттерде мына ушундай терс көрүнүштөр орун ала баштайт. Анткени, эл үчүн иштеп жаткандай түр көрсөткөн коррупционерлер мыйзамды уруп ойнобой, өз билгенин кылган адамдар өзүнчө топ болуп алышат. Алар баары эл эмес, биз каалагандай болот деп ойлошот. Ошон үчүн ушундай жагымсыз нерселер орун алып жатат. Албекке окшогондор “эгер мага куугунтук болсо” же “бийлик тараптан кысым башталса, мени эл коргойт” деп алдын ала акча таратып, өзүн каматпай калуунун аракетин көрүп, маселени элдин артына жашынып чечем деп ойлойт. Бирок, ал элине таянганы менен укуругу узун УКМК аны баары бир камакка алды. Олчойгон беренелерди мойнуна коюп, жеп-ичкенин иликтей баштады.

 

- Эми Албек Ибраимовду коргоо үчүн  түзүлгөн комитет “биздин баланы каматпайлы” деген максатта түзүлдүбү же Албектен алганын акчаны актап коёлу деген ойдо түзүлүштүбү?

 

- Албек Ибраимовду коргоо комитети адатта “биздин баланы каматпайлы” деген максатта түзүлөт. Ошон үчүн  коргоо комитети көбүнчө жердешчиликти туу тутат. Алар өздөрү коргоп, таламын талашып жаткандар кандай иш кылганын, мамлекетке келтирген чыгымдарын эстеп да койбойт. Албек Ибраимовдун жердештери ал көчөсүнө зыңгыратып асфальт төшөп койгонун кеп кылып, элдик уулдай таасир калтырууга аракет кылып жатышат. Алар Албек Ибраимов жолду оңдотумуш болуп, ал жактан тонналап алтындарды каздырып кетип жатканын биле бербейт. Билсе аны коргошмок эмес.

 

Чынын айтсам, Албек Ибраимовдун кирешесин, мүлкүн мен бир айда да эсептеп бүтө албайм. Кыргызстанда таза иштеген адам анчалык мүлк жыйнай албайт. Албектин мүлкү менен элдин жонунан кайыш тилбей эле Кытайдан алган кредитти төлөп, элди баш оорудан куткарып койсо болчудай экен. Анда Кытайдын карызын жалгыз өзү төлөп коё турган байлык бар.

 

- Эми Албек Ибраимовду кандай тагдыр күтөт?

 

- Камак күтөт. Андан кийин камактан кутулуунун айласын издейт. Жогору жактагы бирөөлөргө каражат берип, эркиндикке чыгып, байлыгын сактап калыш үчүн чоң каражат берип, Ахмат Бакиевдей болуп, жазадан кутулуунун жолун издейт. Анткени, мындай жеп-ичкендерде позиция деген болбойт. Аларга каражатын анан башын аман сактап калуу баарынан жогору турат. Чынында мамлекеттин эсебинен байып сайрагандардын бешөөсүн гана камасак Кыргызстан тышкы карыздан кутулуп, эл тынч жашап калмак. Бизде мындай байлар четтен чыгат. Ошон үчүн бийликтин кылтагына илинерде ар кайсы шылтоону айтып, заматта качып жок болуп жатышат.

 

- Колго түшүп, камакка алынып калган кадрларына ич ачышкан Атамбаев  “тергөөдө калыстык орун албай, саясый куугунтук болуп жатат”- деген оюн айтты. Чын эле анын кадрлары азыркы бийликке жем болуп жатабы?

 

 -Атамбаевдин андай доомат коё турган жөнү жок. Анткени, ушундай системаны Атамбаев мурас кылып таштады. Эми өзүнүн кадрлары ошол системага жем болуп жатат. Ошон үчүн азыркы бийликти каралап, өздөрүн аянычтуу көрсөтпөй деле койсо болот. Атамбаевдин туура эмес саясатынын айынан бүгүн мамлекетин сүйгөн, чындыкты бетке айткандар түрмөдө отурат. Кези келгенде мына ушундай башаламандыктарга жана ашыкча желип кеткен каражаттар тууралуу Атамбаев да жооп бериши керек. Анткени, бийликке келгендер жеп ичип кетпей турган кылышыбыз  керек. Чиновниктер, келечекте чиновник болом дегендер бардык нерсе элдики экенин, ага кыянаттык кылып, жеп-ичип, майкандабай аяр мамиле кылуу милдети экенин түшүнүшү керек. Бизге элдин ырыскысын  жеп-ичпеген баарына калыстык, адилеттик менен мамиле кылган башчы керек. Антпесек  келечек туңгуюкка кептелет. Мен келечекти көрө албай жатам.

 

- Президент жарандык коомдун мүчөлөрү менен жолукканда кызматташууга чакырды? Буга не дейсиз?

 

- Негизи 3-4 жарандык коомдун мүчөсүн  кызматка алса эле маселе чечилип калбайт.  Анткени, бизде мамлекетти өнүктүрүүнүн программасы жок. Фантазия менен кыялыбызда 40-100 кадам деген сыяктуу программаларды элестетип алып, реалдуулуктан алыстап кеткенбиз. Ошону ишке ашырам деп түйшөлө беребиз. Аты укмуш угулганы менен андай  программалардан жарытылуу деле жыйынтык чыкпайт.  

 

- Сооронбай Жээнбеков кандай президент болуп жатат ал башкаргандан бери не өзгөрдү?

 

- Сооронбай Жээнбековдун бийлиги өзүнүн мүнөзүндөй болуп жатат. Өзү да ачык сүйлөбөйт. Туюк ойлонот. Ошон үчүн анын иши да бизге туюк болуп, эмнени көздөп, эмнеге багыт алганы байкалбай жатат. Иштеп аткандай  түр көрсөткөнү менен кыйрап иш деле бүтүп кеткен жок.  Баягы маселелер баягы бойдон эле чечилбей  турат. Инвесторлор келбей жатат. Ички миграция мындан, тышкы миграция андан көп болуп, эл эптеп жан багыштын айласын издеп калды. Азырынча мактоого ала турган деле жери жок. Башкача айтканда, сөздөн ишке өтө элек. Коррупция менен күрөштү камоо аркылуу гана жүргүзүп жатат. Ошондой болсо да, эл Сооронбай Шарипович баштаган ишинин аягына чыгарып, коррупцияга тиешеси бар адамдардын баарын жазалайт, элдин ырыскысын ичип-жегендерди  жазасыз калтырбайт деп үмүт артып отурат.

 

 

 

Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. kg”  гезити