Экинчи борбор аталган Ош шаарынын мэрлик кызматы жайлуу гана эмес, майлуу да кызмат болгондуктан, тээ Союздун учурунда эле бүйүр кызытып келүүдө. Ал тургай Кыргызстандын белгилүү саясатчылары да Ош шаары же облусуна жетекчи болгондон кийин гана борбордук бийликке чоң секирик жасашкандыгын С.Ибраимов, Ж.Сатыбалдиев, ушул эле президентибиз С.Жээнбековдордун мисалынан билсек болот. Керек болсо 2010-жылдагы мэр М.Мырзакматов да аброюу жогорулап, элдин колдоосуна ээ болуп кеткендиктен, ал кездеги бийлик тарабынан кылмыш иши козголуп, качууга мажбур болгон. Эми болсо бул орунга А.Кадырбаев борборго “ротация” кылынган соң Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашев шайланганы турат. Бирок шаарга караганда облус башчысы чоң эмес беле? Анда эмнеге Т.Сарыбашев бул кызматка келатат? Болгондо да альтернативасыз, жалгыз талапкер катары көрсөтүлдү? Мыйзамга ылайык, Оштун мэрин шаардык кеңештин депутаттары шайлашат. Ал эми Ош шаардык кеңешинде КСДПдан тышкары да партиялар бар эмеспи. Бирок “Кыргызстан” партиясы өз талапкерин көрсөтүү ниетин жарыялаган менен иш жүзүндө шаардык кеңештеги өз депутаттарынан колдоо тапкан жок. Шаардык кеңештеги башка партиялар да өз ичинен же сырттан башка талапкер чыгарууга батынбады. Шаар башчысын шайлоого бийликчил коалициядан башка партиялар талапкер көрсөтпөгөнүн жарандык коом өкүлдөрү “партиялык кошоматчылык” деп сынга алышууда. Сыягы, кимдин Ошко мэр болору Ак үй тарабынан чечилген окшойт.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №26, 18.07.2018-ж.