Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү президент Сооронбай Жээнбековдун Таласка болгон иш сапарын чагылдырууга жакшы эле аракет жасады.
Айрыкча, президенттин “Кадрларды ротациялоо салтын жандандырууга мезгил келди” деп айтканын иш сапардын өзөгү катары белгилешти. Сооронбай Шариповичтин көтөргөн маселеси бүгүнкү күндүн талабы экени талашсыз. Облустук, райондук деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлер ротациясы жок, өз районунда кайнай берсе иш алдыга жылбайт. Кыргыз тууганчыл эл. Жетекчинин жакындарынын иши чыгып калса, сөзсүз “ушул менин тууганым эле, ушундайда жардамы тийбегенде качан тиймек эле?” деп кайрылышат. Жетекчи байкуш “Жок” деп айта албай, тууганынын ишин бүтүрөт. Ошон үчүн кадрларды ротациялоо сөзсүз болушу керек.
Сооронбай Шарипович кадрдык ротация аркылуу өз облусунан башка облуска барып иштеп, барган жеринде кадыр-баркка ээ болгон адамдарды да атаган. Президент “Султан Ибраимов — Чүйдүн кулуну — Ошко барып иштеген, аны бүгүн дагы жергиликтүү эл жакшы сөздөр менен гана эстейт. Мындан тышкары кадрдык ротациянын мыкты үлгүсү катары Сүйүнбаев Акматбек, Бейше Жапаров, Арстанбек Дүйшеев, Корчубек Акназаров, Өмүрбек Суваналиев, Рысбек Айдаралиев, Бекмолдо Ишимов, Бусурманкул Табалдиевди атасак болот» деп сүйлөгөн. Президенттик аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн тараткан маалыматында президент өзү мисалга тарткан адамдардын арасында генерал Өмүрбек Суваналиевдин аты алынып салыныптыр. Бул маалыматты окуган таластыктар генералдын аты алынып салынганына “Бул иш маалыматтык саясат бөлүмүн жетектеген кызыбыз Толгонай Стамалиеванын эле колунан келди. Биз сураштырганыбызда Стамалиева агасы Суваналиевдин фамилиясын алдырып салганы белгилүү болууда. Көрсө, кайсыл бир гезиттин ээси карындашыбыздын ишин сынга алып жазган экен, ошол жазган кишиге асылуулар болгондо Өмүрбек Суваналиев журналистти колдоп, калыс пикирин айтып чыгыптыр. Ошого Толгонай кызыбыз чычалаган тура. Президенттин оозунан чыккан сөздү бурмалаганга кимдин укугу бар? Падышанын айтканы жерге түшпөшү керек. Толгонай Стамалиевага президент атаган фамилиялардын арасынан өзүнө жакпаганын алып салууга ким укук берди? Маалыматты мен тейлейм деп чалмакейди чала береби? Ал бул кылыгы менен президент менен генералдын ортосуна чок таштап жатканын сезбейби? Президент Суваналиевдин фамилиясын кандай атаган болсо, Стамалиева да маалыматты таратканда ошондой кылып кайрадан таратпаса, президенттин сөзүн бурмалаганы үчүн анын жумуштан токтоосуз кетишин талап кылабыз” деп ачууланып турушат. Толгонай Стамалиева чын эле Өмүрбек Суваналиевдин фамилиясын алдырып салганбы ыя? Маалыматтык саясат бөлүмү анын көзөмөлү жок бир дагы маалымат тарата албайт эмеспи. Эгер Стамалиеванын агасы Суваналиевдин фамилиясын президенттин сөзүнөн өзүм билемдик менен алып салганы чын болсо, таластык туугандарынын алдында эмне деп актанат?
Б. Асеков, Талас шаары