Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 154

 

 

 

КСДПнын  Чүй областына караштуу Москва районундагы мүчөлөрү   Алмазбек Атамбаевге каршы кезексиз жыйынга чогулушту. Бул жыйын  “Атамбаевсиз КСДП” деп аталды.

 

Маалыматка караганда, жалпы жонунан 150-200дөй адам катышкан жыйында КСДП партиясынын абройун көтөрүү үчүн анын катарынан коррупционерлерди, акчалууларды чыгарып, партия үчүн көп жылдан бери жан үрөп кызмат кылгандарды катарга алып келүү маселеси көтөрүлдү. 

 

Алар ошону менен бирге өлкөнүн бардык аймактарына КСДПнын кезексиз жыйынын өткөрүү зарылдыгын белгилешти. Атамбаевди лидерликтен кетирип, саясий кеңешти да алмаштыруу керектигин айтышып, бул өңүттөгү резолюция кабыл алышты.