Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 175


 

АША менен ийиндеш иштешип, аны барган жеринде “досум” деп мактап, жада калса экөөлөп алып акыркы жети жыл ичиндеги ири эки шайлоонун тагдырын чечип, канчалаган патриот уулдардын жолун тороп, тагдырына балта чапса да уялып койбогон Туйгунаалы Абдраимовдой мактанчаак, өзүн сүйгөн, өзүн гений, башкаларды кем-акыл сезген адам дүйнөдө жок болсо керек. Мунун мактанганын уксаң, досу Атамбаевге таккан диагнозу өзүнө эле жарашып калгандай көрүнүп жаткан жокпу? Эсте болсо, ал досу АШАга: “Кыргызстанда эки шизофреник бар, анын бири – Атамбаев...”- деген диагноз койгон.

 

Мына ошол Туй байке КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган болчу. Киши таппай калгансып, ушуга күнү түшкөн бийликке да чала! Анткени, ал Атамбаевдин жаңы президентке чабуулунан пайдаланып, “Чүй көтөрүлсө аман калбайсыңар, бийликте спокойно туруш үчүн, чүйлүктөрдү кармаш керек”- деген идеяны жайылтып жатып, акыры ушул креслону алып жыгылган. А бирок, эмнеге анын кечээ эле президенттикке талапкер болуп чыгууга камданып, кайра токтоп калганы айтылбайт? АШАга кек сактап калганы – анын талапкерлигин колдобой койгон. “Чүйлүк дос турса, түштүктүккө ставка койду”- деп таарынып деле жүргөнү сөз болду эле го.

 

Туй байке чоң муштум катары да өзүн даңазалаганды жакшы көрөт. “Баланчаны сабап салды” же болбосо, бирөө тийишсе, “жолукканда чыга чабам”- деген колхоз бригадириндей шымаланган маектери буга күбө. Анткен менен, андан ким таяк жеп, ооруканага түшкөнүн көргөн жокпуз го.

 

Бирок, ал Чүйгө губернатор болгону менен эмне өзгөрдү? Калп эле, “Жээнбеков АША чүйлүктөрдү көтөрчү болсо, аларды токтотуп калууга бир гана Туй байкенин күчү жетерин, кадыр-баркы бийик экенин аңдап кызматка олтургузду”- дегендей жомогун улам ар жактан жаздырып коюп күн өткөзүп келе жатат. Жада калса, “жаңы кызматка келиш үчүн АШАга каршы жаңы жомок ойлоп таап убара болгон жокмун. Эски шизофреник деп айткан жомогумду кайра кое берсем, Жээнбековго жагып, багым ачылып кетти”- деп мактанганы туурабы?

 

Айтор, Туй байке оозу менен орок оргонду токтотуп, иш кылабы өзү? Же ал үчүн губернаторлук – саясий эле кызматпы? Минтип олтурса, ансыз да анын чүйлүктөрдүн ичинде плинтустан ылдый түшүп кеткен кадыр-баркынан эч нерсе калбайт го.

 

 

 

Арстан Алабарманов, “Майдан.kg” гезити