Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 165

 

Өткөн жылы мамлекеттик бийликтин тынч жол менен өткөрүлүп бериши Кыргызстандын көп мамлекеттерге үлгү болушуна өбөлгө болду. 

 

Бул тууралуу спикер Дастанбек Жумабеков VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин IV сессиясынын жыйынтыгына арналган маалымат-жыйындын жүрүшүндө билдирди.

 

Төрага өткөн сессия коомдук-саясий окуяларга мол болгонун, кыргыз парламенти алардын чордонуна айланганын айтып, журналисттердин көӊүлүн Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу заманбап технологияларды пайдалануу менен өткөрүлгөн президенттик шайлоонун жыйынтыктарына бурду. Анын пикиринде, президенттик шайлоо жалпы коомчулук менен байкоочулардын көзөмөлүндө ачык-айкын, таза өттү, ал аркылуу мамлекеттик бийлик тизгинин тынч жол менен өткөрүп берүү салтынын бекемделишине өбөлгө түзүлдү.

 

 

“Бул саясий өнөктүк көп мамлекеттерге кызыгуу туудуруу менен бирге, алар үчүн үлгө да боло алды десек жаӊылышпайбыз. Ал шайлоону “бир адам – бир добуш” принцибинде өткөрүүгө боло турганын, ошондой эле Кыргызстан парламенттик демократия жолунда келатканын далилдеди. Шайлоонун ачык-айкын жана таза өткөнүн эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар да тастыктады”, - деп, Төрага өткөн сессия мезгилинде парламент тарабынан коомчулуктун көӊүлүн өзүнө өзгөчө бурган Өкмөткө ишеним көрсөтпөө, Башкы прокурорду мөөнөтүнөн мурда бошотуу, Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин иликтөө сындуу орчундуу окуяларга да саясий баа берилгенин кошумчалады.

 

Андан тышкары, Дастанбек Жумабеков кыргыз парламенти менен биргелешип иш алпарып, аны үзбөй чагылдырып, жалпы коомчулукту маалымдар кылып жаткан жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттерине, анын ичинде парламенттик кабарчыларга жалпы депутаттардын атынан ыраазычылык билдирди.