Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 210

 

Коррупционери жок өлкөнү курууга аракеттер көрүлөөрүн президент Сооронбай Жээнбеков парламент жыйынында билдирди. 

 

"Бардык коррупционерлер эртеби-кечпи жазасын алышат. Элибизде "Кыңыр иш кырк жылда билинет" деген кеп бар. Жогорку технологиялардын кылымында ууруларды баштагыдан да тез кармоо мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Мамлекеттин укуругу узун, кылмышкерди кайдан болбосун табат. Эртеби-кечпи жооп бере турган күн келээрин унутпаш керек", - деди президент. 

 

Ошондой эле мамлекет башчы коррупционери жок коом курууга умтула турганын жашырбады. 

 

"Эгер ишкер өз эмгеги менен байыса ага мактанып, ачыкка чыгарышы керек. Элдин эсебинен байыгандар коомубузда жүрүүдөн уялышсын. Биз андайларды катарыбызга кошпойбуз", - деп бекемдеди Жээнбеков.