Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 136

 

- Жантөрө Сатыбалдиевдин, Кулматовдун, Исаков, Артыкбаевдин камакка алынышы коррупция менен күрөш чындап жүрүп жатканынан кабар береби же Атамбаевге тузак салуу аракетиби?

 

- Коррупция менен күрөштүн масштабы кеңейди десек болот. Мурда саясий атаандаштарын чаап салуунун куралы болуп келсе, азыр чыныгы жемкорлорду камай баштаганы көрүнүп турат. Мамлекеттин талап-тонолгон мүлкүн топтоп, туура пайдалануу ишин көзөмөлгө алган, эл ишенген түзүм керек болууда. Канткен менен президент да жалгыз, ал да адам, баарына жетишүү мүмкүн эмес. Иштин жылышы үчүн бир максатты көздөгөн команда керек. Азыр эл өкмөткө караганда президентке көбүрөөк ишенип турат. Демек, президенттин алдында кадыр барктуу, калыс адамдардан турган ушул ж.б иштерди көзөмөлгө алып, кеңеш берген Коомдук Кеңеш түзүлсө максатка ылайыктуу болмок. Өзүнүн да “мен бир партияга эмес, элге таянам” деген сөзү бар.

 

 

Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. Kg” гезити