Азыр көпчүлүгү кызматтан кетип, алды чет өлкөлөргө качууга үлгүрүп, калгандарына кылмыш иштери козголо баштаган эски бийликтин “босстору” С.Жээнбековдон кандай да болбосун өч алуунун амалын издеп жаткандыгы чын окшойт. Себеби президент алардын “көчүн” улантпай коюп, А.Атамбаевдин “аталык” болуу жана С.Исаковдун кийинки президент болуу пландары ойрон болбодубу. Бирок элдин назарынан калган экстер өздөрү эч нерсе кыла албай тургандыгы бештен белгилүү. Ошондуктан алар кандай да болбосун элди өзүнө тартууга аракет кылышууда. Мындан бир апта мурда Сапар Исаков Чүйдүн Сокулук, Панфилов, Жайыл, Москва райондорунун жаштарын чогултуп, футбол өткөрүп, байгесине 100 миң сом сайып, оюндун соңунда командалардын капитандарына: “Даярдангыла, үч айдын ичинде Сооронбайдын соодасын бүтүрөбүз”,- деп кетти эле. Кечээ болсо Фарид Ниязов экөө “Форум” ишканасына Чүйдүн башка райондорунун балдарын чогултуп, акча беришип, тапшырманы катуу берип узатып жатканы туура кеп тарады. Кыскасы, “эски гвардиянын” ой-максаты - Сокени жок кылыш. Албетте, артында Атамбаев турат. Ошондуктан, башаламандык болуп кетпеш үчүн Фаирд менен Сапарды тез арада камаш керектиги жөнүндө соцтармактарда пикирлер арбыды. Ошондо АША эч нерсе кыла албай, колу-буту кыскарат. Ансыз Сокеге кыйын болуп калышы мүмкүн. Анткени, АШАда акча көп. Ал азыр эч нерсе аянбайт.
Булак: “Майдан.kg” гезити