...мурдагы бийликтин кадрларынан өзүн короонун жат козусундай сезгендерден Бишкектин мэри А.Ибраимов эле калды окшойт. Бирок ал креслосунан ажырагысы келбеген менен өткөндө “Апрель” телеканалынан эки сааттык түз эфирге чыкканда 2-3 ирет “Алмазбек Шаршенович жана Сапар Жумакадырович”,- деп, учурда борбор калаабызда болуп жаткан бирин-серин жакшы иштердин автору катары өзүнүн “патрондорунун” атын атап кетти эле. Ошол эле учурда “Шарипович” деп оозанып койбогондугунан эле “котур ташы койнунда” экендигин баамдасак болот. Антпесе, жаңы президентке калп эле болсо да кошомат айтып коюш керек эле да. Демек, “дубана” атка конгон мэр дилин бергиси келбейт. Ким билет, ушундай “карышкырды канчалык баксаң да тиктегени токой”,- демекчи, жаңы бийликти тоотпогондугубу же башка себеп болдубу, айтор бул АШАнын таразачысынын деле кет-кети келип калды окшойт. Негизи А.Ибраимов Ош базарында үч айда үч ирет өрт чыгып, жүздөгөн соодагерлер миллиондогон зыян тарткандыгы үчүн эле уяты болсо, өзү кетиш керек болчу. Мындай талапты 14-майда жарандык коом өкүлдөрү, экологдор бак-дарактарды кыюуга каршы уюштурган “Биз тумчугуп баратабыз!” аттуу акция учурунда айтышты. Алардын пикиринде, акыркы жылы борбор калаада үч миңге жакын бак-дарактар кыйылып, экологиялык абал начарлап кеткен. “Жашылдар” партиясынын төрагасы Э.Булекбаев баштаган 50дөй акциянын катышуучулары өз талаптары жазылган кайрылууну президентке, ЖК төрагасына жана өкмөт башчыга, шаардык кеңештин депутаттарына жолдошту.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити