- Икрам мырза, сиз жетектеген Көк бөрү федерациясында кандай өзгөрүү, жаңылануулар болуп жатат, III Көчмөндөр оюнуна даярдык жүрүп жатса керек?

 

- Өзүңүздөр билгендей эле? жылына календарлык планга жараша өлкөбүздө 3-4 жолу улуттук Көк бөрү оюну боюнча мелдештер өткөрүлүп келет. Жакында эле Улуу Жеңиш күнүнө карата республикалык турнир өткөрдүк. Буюрса, күзүндө өтө турчу дүйнөлүк III Көчмөндөр оюнуна кызуу даярдыктар жүрүп жатат. Анда дүйнөнүн булуң-бурчунан келген командалар менен беттешебиз. Өлкөбүздүн эң мыкты делген оюнчуларынан турган курама команданы алып чыгып, оюн талаасында дагы бир жолу мыкты экендигибизди далилдесек деген ниетибиз бар.

 

Баса белгилей кетчү дагы бир жагдай – былтыр жыл тогошор алдында Көк бөрү ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине Кыргызстандын атынан киргизилгени жарыяланган. Тактап айтканда, былтыр декабрда бул улуттук оюнубуз Түштүк Кореянын Чежу аралында материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитеттин 12-сессиясында каралып, аталган тизмеге жалгыз Кыргызстандын атынан катталган. Бул туурасында ЮНЕСКОнун расмий сайтына да жарыяланып, көк бөрү оюну тууралуу видео интернет тармактарына жүктөлгөн. (https://youtu.be/LOCqc0w8RXY)/ Көк бөрү ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилиши биз үчүн албетте чоң сыймык.

 

Дагы бир жакшы жаңылык - быйыл биз үчүн мааракелүү жыл. Көк бөрү федерациясы уюшулганына 20 жыл толууда. Ошого карата да юбилейлик мелдеш өткөрсөкпү деп турабыз.

 

 

-  Кийинки учурда дайыныңыз көп чыкпай калды, учурда эмне иш менен алектенип жатасыз?

 

- Өткөн күздөгү президенттик шайлоодон соң ден соолугума бир аз көңүл буруп, эс алдым. Негизинен ошол шайлоодон кийин саясаттан тышкары болуп, көбүнесе коомдук, жеке иштер менен алектенип жатам. Анан калса көп убактым Көк бөрү федерациясына кетүүдө. Эми Рамазан айында мусулмандык парзды аткарып, үй-бүлөм менен ыйык Мекке шаарына – умра сапарына чыгып келсекпи деп ниеттенип турабыз. Учурдан пайдаланып кыргыз элимди, жалпы эле өлкөбүздөгү мусулман журтун кирип келген ыйык Орозо айы менен куттуктап кетким келет. Орозо айы барыбызды кайрымдуу болууга чакырат, Жараткандан жакшылык сурайт. Ар бирибиз ниетибизди, пейилди тазартууга аракет кылабыз. Бекем ден-соолукта болуп, ниет кылган тилектериңиздер орундалсын! Мамлекетибизге тынчтык, ар бир үй-бүлөдө жакшылыктар көп болсун.

 

-  Сиз былтыр КСДПнын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына кезегиңиз келгенде баш тартып койгонуңуз белгилүү. Ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаев да сизге III даражадагы “Манас” орденин тапшырып жатып “кызматтан, мандаттан баш тарткан кыргызды биринчи көрүшүм” деп бул кадамыңызга таң калганын жашырган эмес эле. Чын эле депутаттыктан баш тартышыңыз көпчүлүк үчүн таң калыштуу болгон. Азыр ошол кадам үчүн өкүнбөйсүзбү?

 

 

 

- Туура, былтыр III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланып жатканда Алмазбек Шаршенович ушинтип айтканы бар. Мен ошол сыйлоо аземинин алдында башка кызматтан баш тарткандай эле, депутаттык мандаттан да, саясаттан да баш тартууну чечкем. Башкача айтканда, мындан ары саясатта калууну тандаган жокмун. Элибизде “өткөн ишке өкүнбө” деген кеп бар эмеспи, ошол сыңары азыр ал чечимиме эч кандай өкүнүү жок.

 

Акыркы 6-7 жыл аралыгында бир канча жогорку жооптуу кызматтарда иштедим. Колдон келишинче, мүмкүн болушунча элибизге ак кызматыбызды өтөдүк деп ойлойм. “Эл тараза, эл сынчы” демекчи, буга эми эл өз баасын берээр.

 

-  Алдыда кандай максаттарыңыз бар?

 

- Көк бөрү федерациясынын президенти катары ушул улуттук оюнубузду мындан ары да өнүктүрүүгө болгон күчүмдү жумшасам деген ойдомун. Менин жеке пикиримде - элге кызмат кылуу үчүн кандайдыр бир бийлик бутагында же чоң кызматта отуруунун кажети жок. Коомдук иштерде да мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп, ийгиликтерди жаратып өлкөгө ак кызмат өтөсө болот.