Бир кездерде Кара-Суу районун башкарып, ызы-чуусу түгөнбөгөн эл аралык “Туратали” соода базарын “агына” да, “карасына” да тап берип жатып мыйзам талаасына түшүрүп, бюджетке кошумча миллиондогон каражаттардын түшүүсүнө өбөлгө түзгөн Токтосун Бармановду коомчулук жакшы билет.

 

Мына ошол каарманыбыз 2014-жылдын 14-февралында Токтогул районуна аким болуп жергиликтүү депуттар тарабынан шайланып, өзүнүн түздүгү, талапты туура коюп билгендигинин артынан жакшы кадыр-барк топтогон. Анын тушунда Т.Сатылгановдун 150 жылдык мааракеси 150 боз үй тигилип, абдан жогорку деңгээлде өткөн, буга ошол кездеги мамлекет жетекчилери да суктанып, аябай ыраазы болушкан. Мамлекеттик бюджеттин акчасына эмес, меценаттардын колдоосу менен той өткөн. Кыскасы, ушинтип ишинде эч бир кемчилиги жок эле иштеп жаткан Т.Бармановду бир күнү, 2015-жылдын 1-июнунда “жазган арызына ылайык” деп кызматынан алып салышкан болчу. Биз сураштырып көрсөк, Токтосун Белекович өзү кетпей эле, аны “кетиришкен” экен. АШАнын тушунда Токтогулду ким бийлеген билесиздерби (айтылуу Тайырбек Сарпашевден тышкары)? Президенттин уулу Сейтектин кайын атасы Жумабексиз бир да адам кыймылдай албай калган. Таксист болуп, карапайым өмүр кечирип жүргөн Жумабек аке президентке куда болгону кутурган. Иштин чоо-жайы мындай, азыркы учурда Токтогулдун акими болуп турган Майорбек Сатымкулов кечээ кимдин арты менен аким орун басары кызматына жеткенин унутуп, Т.Бармановго “ор” казат. Президенттик кудасы Жумабек байке менен жакын мамилеси бар экен, “ушу Токтосунду кызматтан кетирип, мен келсем, жакшы болбойт беле”- дейт. Анан ал дароо күйөө баласы Сейтекке айттырып, ал Тайырбек Сарпашевге дайындайт. “Президенттин уулу айтып аткан соң... мен өмүрү кызматка жармашкан эмесмин... ала бергиле...”- дейт да Барманов арызды таштап коёт. Биз бул маалыматты тактайлы деп Токтосун Бармановго кайрылсак, ал сыртта жүрүптүр, келгенде кеңири сөз кылып берүүгө даяр экенин билдирди. Күтөбүз..

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, 09.05.2018-ж.