Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 181

 

 

Россиянын президенти Владимир Путиндин инаугурациясы бүгүн өткөрлүлөт. Бул тууралуу россиялык басылмалар жазышууда. 

 

Эске салсак, Путин мамлекет башчылыгына  төртүнчү жолу шайланды,  бийлик башында буга чейин 18 жылдан ашык турду. Бүгүнкү инагурациядан кийин дагы бир мөөнөттөгү президенттик кызматына расмий киришет. 

 

Россияда президенттик шайлоо март айында болгон. Анда Путин шайлоочулардын 77 пайыз добушу менен шайланганы айтылган. Ошол эле учурда анын каршылаштары шайлоонун бурмаланганын айтып,  эки күндөн бери Москвада жана  башка шаарларда антипутиндик жана антиөкмөттүк акциялар өткөрүшүүдө.