- Мына, Шаирбек мырза, окурмандарга сиздин котормонузда Д.Верхотуровдун “Тень Атамбаева над Киргизией” (“Кыргызстандын үстүндөгү Атамбаевдин карааны”) китеби кыргыз тилинде тартуулана баштады. Бул китепти которуп чыгышыныздын максаты эмнеде? Эптеп эле экс-президентти жаманатты кылуунун аракети эмеспи? Деги эле Атамбаев Кыргызстанга кандай мурас калтырды?

 

- Китепти которуп жатканымдын себеби кандайдыр бир атайын максат эмес. Болгону, бул китептин автору Дмитрий Верхотуров мырза менен келишимдин негизинде иштешип жатабыз. Мен китепти котором жана кыргыча варианты сатылгандан кийин, өзүмө тийешелүү пайызды алам. Мындайча айтканда, бул иш кадимки эле ишкердик. Котормочулук гонорар алуу үчүн келишимге кол койгомун. Менин максатым - сиз айтып жаткандай, экс-президент Атамбаевди каралоо, жамандоо аракети эмес. Себеби, мен китептин автору эмесмин жана кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизип, “боёкторду” ашкере күчөтүүгө укугум жок. Экс-президентти сындап келгеним мени тааныган адамдарга маалым. Бирок, ал өзүмдүн жеке пикирлерим жана тандоом болгон. А бул ирет, котормучулук кызмат гана көрсөтүп жатам. Албетте, китептин мазмуну мен үчүн да өтө кызык болду. Анткени, китептин ичинде толтура фактылар жана цифралар бар. Бул деген, китеп эмоциялардан эмес, фактылардан тургандыгы жөнүндө кабар берет. “Атамбаев Кыргызстанга кандай мурас калтырды?”- деген сурооңузга азыр жооп берсем, китептеги көп маалымат жарыяланып калышы ыктымал. Андан көрө, анын баарын китептен окусаңыз оң болот. Атамбаевдин башкаруусунан кийин, мамлекетке кандай милдеттенмелер, карыздар калгандыгын окуп көрөсүз. Цифралар жана фактылар өжөр нерселер. Аларды бурмалап же жашыра албайсың.

 

- Сиз саясат талдоочу катары, акыркы кездеги Сооронбай Жээнбековдун кадрлык кадамдарына кандай баа берет элеңиз? Соке “досунан” чындан кол үздубү же бул нерсенин баарын макулдашып жасап жатабы? Жаңы президенттен кыргыз эли эмнени күтсө болот?

 

- Жаңы өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков чындыгында бир топ жакшы кадамдарга барды. Жашырганда эмне, көпчүлүк мынчалык саясий жүрүш жасап жиберет деп күткөн эмес эле. Президенттин бул кадамдарын акыркы кезде турукташып калган саясий режимге каршы демарш катары кабыл алсак деле болот. Себеби, "көчтү улайт " деген каңшаар, Сооронбай Жээнбеков деле, “досу” А.Атамбаевдин саясатын улап, өлкөдө олуттуу өзгөртүүлөр болбой деп бодомолдоп жатканбыз. Бирок, андай болгон жок. Үлкөн саясатчылардын өз кызматтарынан кол жууп, Атамбаевдин кадрлары бир четинен сасий аренадан четтетилди. Жөн эле кызматынан кетирбей, көпчүлүгүн буга чейин болгон коррупциялык схемаларга тийешеси бар экендиги да териштириле башталды.

 

Кадр маселесиндеги чоң кадам - Атамбаевдин  көздөй кадры, өкмөт башы Сапар Исаковдун кызматтан кетүүсү болду. Болгондо да, конституциялык нормага ылайык, парламенттин ишенбөөчүлүк көрсөтүүсү аркылуу кызматтан кетти. Мындай нерсе Кыргызстандын жаңы тарыхында биринчи ирет болуп олтурат. Мындан ары болсо, ошол эле Дача-суу кырсыгы, Кытайдын Экспорт-Импорт банкынан алынган бир нече ири насыялардын кумга сиңгени, Кыргызстанга пайда бербеген түрдө кол коюлган “Кумтөр” келишими, Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы чубалжылар (ЖЖЧ) боюнча резонанстуу айып ачуулар орун алышы мүмкүн. Манас аэропортунда, Бажы тармагында, социалдык блоктогу (билим берүү, саламаттыкты сактоо ж.б.у.с.)  министрликтерде болгон коррупциялык схемаларды аныктоо иштери да кезекте. Прокуратура менен ИИМдеги көптөгөн былыктар ачылышын коомчулук кызуу күтүүдө.

 

Ал эми “досунан” кол үздүбү (?) деген сурооңузга жооп катары, КСДП партиясынын жабык эшик артында өткөргөн съездин мисал келтирмек элем. Ал жыйында “ксдпчылар” же КСДП партиясынын калдыктары Атамбаевди кайрадан лидер кылып шайлап, өз кезегинде болсо А.Атамбаев жаңы президенттин дарегине бир топ орой нерселерди айтып кетти. Ал эми айтылуу парламенттин өкмөт башына ишенбөөчүлүк көрсөтөөрүнүн алдында, Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаттарын мамлекеттик резиденциясына чакырып, жеке жыйын курганы да коомчулукка жага бербеди. Бул өлкөнүн ичиндеги орун алган олдоксондуктар. Ал эми эл аралык аренада, өлкөнүн президенти Түркия мамлекетинин президенти Тайип Эрдоган менен расмий иретте жолугуп жатса, экс-ажо Кытай мамлекетинин бийлик өкүлү менен жолуккандыгы мамлекеттеги кош бийлик орногонунан кабар берип, бир топ кайчы пикирлерди жаратты. Демек, Жээнбеков мындан ары жакшыбы же жаманбы, кантсе да өзүнүн саясий багытын тандап алды десек болот. Ал эми жаңы кадамдарынан мисал келтирсек, Жээнбеков тандаган өкмөт дагы элдин купулуна толук толбоду. Ошондуктан, жаңы өкмөт тез арада алгылыктуу иштери менен көзгө көрүнбөсө, ал үчүн президент элдин алдында жооптуу болоорун эсинде тутуусу керек.

 

Суроо салган

Азамат Газиев

 

Булак: “Майдан.kg