Эл өкүлдөрү берген суроолорго «карап көрөм, таанышам, жооп берем, аракет кылам» деп астейдил жооп узаткан жаңы прокурор президенттен сунуш түшкөндө беш мүнөтчө ойго батып отуруп калганын ачык айтып, азырынча Бишкекте ипотека менен алып, азыр да төлөп бүтө элек батиринен башка эч нерсеси жоктугун жашырбады.

Ошону менен ал президенттин тиешелүү буй руту чыкса, башпрокурорлук кызматка киришет. «Коррупция менен катуу күрөшүүгө бел байлап бара жаткан Өткүрбек Жамшитов колдоп берген 109 депутаттын канчасына эртең иш козгой алат?» деген суроо социалдык тармактарда жаап жаткан учуру…

 

Булак: ”Азия Ньюс”