Учурда 43 жаштын ашын ашап аткан мурдагы шоопур, кийинки олигарх Икрамжан Илмиянов экс-ажо А.Атамбаевдин учурунда аз эле жерден Кыргызстанды башына кийип ала жаздаган экен. Анын жанында Максим Бакиев шоона эшпей калчудай.

 

Илмиянов Атамбаевдин учурунда мамлекеттин саясий жашоосуна чексиз таасир эте алды, кадр саясатынан тарта финансылык ресурстарды бөлүштүрүүлөргө чейин кийлигишти.

 

Айрым маалыматтарга караганда И.Илмиянов экс-президент А.Атамбаевдин мүмкүнчүлүктөрү аркылуу өтө жогорку деңгээлдеги байлардын катарын толуктады. Өзүнө жакын кадрларды жогорку кызматтарга алып барды. Мисалы, Атамбаевдин учурунда Баш прокурорлук кызматка И.Жолдубаева дал ушул Илмияновдун сунуштоосу аркылуу барган. Р.Матраимов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгына, К.Кумашов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлыгына, У.Марипов Эсептөө палатасынын төрагалыгына, Ж.Калилов транспорт жана жолдор министрлигине, А.Азимов финансы министринин орун басарлыгына, Д.Абдыкаров ИИМ министринин орун басарлыгына, Г.Кудайбердиева билим берүү жана илим министрлигине келишкен. Бул аттары аталгандар Илмияновдун көрсөтмөсүн кыңк этпестен аткарышкан жана анын «капчыгы» да болушкан.

И.Илмиянов көмүскөдөгү бизнеске да чексиз таасир эткен, анын ичинде Р.Матраимов жана анын коммерциялык өнөктөштөрү аркылуу эл керектөөчү товарлардын жана алтын буюмдардын контрабандалык импортунун 80%ын көзөмөлүнө алган. Банк секторундагы мүмкүнчүлүктөрү аркылуу өзүнүн атайын жалданган чарбалык субьектилери менен ири суммадагы акча каражаттарын «адалдап» турган.

Булак: “УЧУР”