Мамлекеттик интеллектуалдык менчик жана инновация боюнча кызматын жетектеп келген Досалы Эсеналиев президенттин аппарат башчысынын орун басары болду. Эсеналиев «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун көздөй адамы.

 

Парламенттик шайлоодо партиянын идеологиясын, үгүт иштерин жүргузгөн пиар технологу болчу. Көпчүлүк коалицияга киргенде, Интеллектуалдык менчик жана инновация кызматына секирген. Эми жогору жылды.

 

Алтынбек мырза кыйын экен, соодалашып жүрүп эки жакын адамын үлкөн кызматка түрттү. Бири Замирбек Аскаров вице-премьер болду. Досалыны болсо аппаратка алып барып, президенттин чөйрөсүндө кандай жаңылык болуп жатканына кулак түрүп турмакчы...

Булак: Фабула