— Жакында эле Өмүрбек Текебаев “менин катачылыгым — Роза Исаковна 2010-жылы парламенттик шайлоодон кийин парламенттеги коалициялык көпчүлүктү түзүү укугун мага тапшырганда, макул болбой койгонум…” деп өзүнүн катачылыгын билдирбедиби…

— Ооба, ошондой иш болгон. Чаң-тополоңдор тыйылып, парламенттик шайлоо бүтүп, жеңишке жетишкен партиялар парламенттик көпчүлүк коалициясын курардын алдында турушкан, бул көпчүлүк жаңы өкмөттүн структурасын, курамын аныктамак. “Ата-Журт” фракциясынын саны боюнча биринчи болуп турганына карабай, мандатты КСДП фракциясына бердим, албетте бул жерде моралдык да, саясий да артыкчылыгы бар деп эске алдым, мүмкүнчүлүктү Атамбаевдин колуна тапшырдым. Башка фракциялардын лидерлери менен эки-үч сыйра сүйлөшүп жатып түзгөн коалициясы бир күндө кулап калды, өкмөттүн курамын чогулта албай койду, колунан келген жок. Андан кийин Текебаев турган. Атамбаев деле “Моралдык жактан туура болот, Текебаевге бериш керек”, — ​деп бул кадам менен макул болду. Өмүрбекке айтсам, такыр макул болбой туруп алды. Эмне себептен экени да жакшы эсимде жок. Бирок өзү айтып жүрөт кийин, бул кадам саясий жаңылыштыгым болгон деп, ал учурда мамлекеттик кызыкчылыкты, парламенттик демократиянын калыптанышын жогору койгонун.

Неси болсо дагы ошол кадамы менен Атамбаевдин саясий келечегине жол ачып бергени чындык. Ошентип коалиция түзүү укугун “Республика” фракциясына, Бабановго бердим, анын колу жеңил экен, башкаруучу коалицияны түздү. Парламенттеги көпчүлүк коалицияны түзгөн лидер катары Бабановдо ким өкмөттүн башында турат деген маселени өзү чечип, өзү премьер болуп алууга толук шарты бар эле. Бирок ич-ара Бабановго ар кандай саясий күчтөр чыгышып, жеке сүйлөшүүлөрдө дагы, топ-тобу менен сүйлөшүүлөрдө дагы: “сен эми жашсың, алдыда сөзсүз болосуң, азыр орунду Атамбаевге берип тур” — ​деп көндүрүп жатышты. Бабанов ошого макул болуп Атамбаевге жол бошотту, премьер-министрлик орунду берди, өзү биринчи орун басарга макул болду. Ошол жылы дагы бир критикалык кырдаал түзүлүп, коалициялык көпчүлүктү башкача бычып “Ата Журт”, “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракциялары биригип, КСДПны коалициялык башкаруудан чыгарып коюу жолун көздөшүптүр. Анда Атамбаев автоматтык түрдө өкмөт башчылыгынан түшмөк.

Ошондо жардамга Акматбек Келдибеков келиптир, ал Ташиевди көндүрүп, сүйлөшүп, Текебаев менен Куловдон бөлүп кеткенге үлгүрүптүр. Атамбаев Келдибековду кучактап, бетинен өөп, өмүр бою жакшылыгыңды унутпайм дептир. Ошону менен коалицияны бузуу, Атамбаевди тактан кетирүү маселеси тамам болуптур. Муну айтып берип жатканым, Атамбаев үчөөн тең — ​Келдибековду, Текебаевди, Ташиевди — ​ага жакшылык жасаганы учун, ага жол бошотуп, анын бийлигин бекемдегени үчүн куугунтукка сүрүп, түрмөгө чейин отургузду, Бабанов болсо куугунтукта жүрөт, сырт жакта качып. Тагдырдын тамашасы деген ушул экен да!

Маектешкен Бекен Назаралиев

Булак: “Жаңы ордо”